Ноокат районунун тургуну 1970-жылкы Азизбек Кенжаев Бишкек шаарында жарым жылдан бери жашайт. Ал бир нече жыл мурун жол кырсыгына кабылып, эки бутунан ажырап калганда, жубайы уулу менен кетип калган. Азизбек Кенжаев азыркы абалын каргышка байланыштырарын SUPER.KG порталына билдирди.
"Бир убакта Орусияда иштеп үй салып, унаа алып, элдин алды болуп жашагам. Бир күнү көчөдөн келсем апамдын көзү көгөрүп, бети-башы кан болуп калыптыр. Эмне болгонун сурасам, кулап кеткенин айтты. Эшикке чыгып кичинекей жээнимен сурасам, биздин тооктор кошунабыздын короосуна кирип тигилген картошкасын чукуп кетишиптир. Өмүр бою кошуна жашаган киши апамды сөгүп, сабап салыптыр. Жээним жаш бала болгондуктан, окуяны болгондой айтып, апамдын кордолгонун сүрөттөп берди. Ачуум келип бычакты алып, апамды урган адамды үйүнөн чакырып, 24 жолу ичине сайып өлтүрдүм. Кийимдеримдин баары сыгып алчудай кан болуп кетти", - деди Кенжаев.
Апасына кол салган кошунасына башка жаза көрбөгөнүн айтат ал.
"Ал адам бизди да өспүрүм кезде сабап, кордук көрсөтүп жүрчү. Апама кол салган адамга ошол кезде башка чара көрө албай калдым. Бирок ушул кылмышым үчүн каргышка калдым окшойт. 24 жашымда 11 жылга кесилдим. Ал жактан чыгып, үйлөнүп жашап жатканда кырсыктап, эки бутуман ажырадым. Ага улай жубайым баламды жетелеп таштап кетти. Кызым кырсыктан каза болуп, артымда жалгыз балам калды", - деп кошумчалады Кенжаев.
Ал учурда батирге күнүнө 200 сомдон төлөсө, ага каралашкан лөлүлөргө миң сомдон төлөйт. Алар Азиз Кенжаевди үйүнөн чыгарып, ажатканага алып барып, кийимдерин жууп берип турушат. Калган тапканы тамак-ашынан артпайт.
"Лөлүлөр менин жардамчым. Мага үйдөн көчөгө чыкканга жардам берет. Алар менен өз ара келишип алгам. Күн сайын миң сомдон төлөп берем. Өзүм кээде 1 жарым миң сом, жакшы болсо 2 миң сомго чейин табам. Көбүнчө Ош базардын айланасында жүрөм. Кээде Дордой базарына барып кайыр сурап келем", - деген Кенжаев жок дегенде бир бутуна операция жасатып, жасалма бут кийүүнү кыялданат. Ал үчүн канча каражат жумшаларын да билбейт. Каражат чогултууга чамасы жок экенин айтып, кайрымдуу адамдардын жардамынан баш тартпасын билдирди.
"Менин 9 бир тууганым бар. Алар мени "кел" дешет, бирок барбайм. Анткени буту жок жүк болуп отурсам, батпайм. Анан да буту жок айылга барып кошунама шылдың болгум келбейт. Алар менен элдешкис душман болуп калдым. Айылга барсам, 87 жаштагы апам мени көрүп, сарсанаа болот. Майыптыгым үчүн берилүүчү 5 миң сомду апама калтыргам. Бүгүнкү күндө эртеңки келечегим туман болуп турат", - деген оюн айтты Кенжаев.
Каарманыбыз башынан өткөргөн тагдырын айтып, ыйлап жатты. Ал апасын, баласын сагынганын жашырган жок. Кээде өткөндөрдү эстеп сыгылганда спирт ичимдигин ичип аларын, айрым учурларда айылдаш жоролору менен жолугуп сүйлөшүп турарын айтты.