ЭЛДИК КАБАР: Оштогу Масалиев көчөсүндө казылган аңга троллейбус түшүп кетти

Бүгүн, 29-апрелде саат 10:00дөр чамасында Оштогу Масалиев көчөсүндө казылган аңга троллейбус түшүп кетти. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

"Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө казылган аңга троллейбус түшүп калды. Жол оңдоочулар казып, толугу менен бүтөбөй кетишкен окшойт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nur.akturpak
2017-04-29 10:35:16
Казып казып таштап койушат. Кээ бир жерлерде эки жумадан бери жамалбай жаткан жерлер бар.
+9
kechirmeni
2017-04-29 11:16:07
nur.akturpak,2 жума эмес кыйла эле болуп калды окшойт
+4
Abramovich
2017-04-29 11:00:20
Казгандан кийин сразу жамашса
+2
kechirmeni
2017-04-29 11:16:59
Бир чети тушкону деле жакшы болуптур,кырсык болуп адамдар жабыр тартпаган эле болсо. Эми тезирээк бутошот да. Болбосо канчадан бери турат оюлуп
+2
Kroxa
2017-04-29 19:47:29
kechirmeni,ып-ырас тушуптур жол инспексия деген иштейби озу??? Канча машине налог толойт бирок жолдун кейпи ушул..жок дегендо олконун жолдорун жонго сала албаган малекттин башчыларына жетеер бекен ушул кабар??
+2
pero123
2017-04-29 11:17:18
оштун жолдору болбой эле калды шааардын ичинен айылдын жолу соонун асфалт болбосо да тегиз болот чуңкуру жок.ошко өзү дөңгөлөгү жок буттары бар машина алып келип айдаш керек болуп калды роботко окшош
+14
altynka95
2017-04-29 11:28:32
Жаны троллейбустар келиптир да, Масалиев кочосу мурдагы жылы эле ондолду эле
+1
langar
2017-04-29 11:49:54
масалиев кочосундогу андар кичине еле казылган елего бул кандай тушуп кети
-1
Nazikbaigazy
2017-04-29 11:51:01
Айтмамат каякты карап отурат, казып койгондон кийин жол белгилерин коюп койбойбу.
+10
aijana.osh
2017-04-29 14:36:47
Nazikbaigazy,жол белгисин Эми коюп коюшуптур туштон кийин
0
langar
2017-04-29 11:51:06
бул тралебус шардагы бирда чункурду капа кылбайт
+4
langar
2017-04-29 11:51:49
бул тралейбус шардагы бирда чункурду-капа-кылбайт
0
010288
2017-04-29 19:42:17
ай ушулар кыжырды эле кайнатат да
0
bolot_kurshab
2017-04-29 20:56:15
Ушул ичимдеги дартымды кимге айтышымды билбеймда Оштун жолдору өтө эле жаман болуп кетти , бүгүн жамаса эртең ошол жери дагы кирип кетет, Оштун мээри айткан болчу чукурларды жамабай кырып башынан курабыз деп ал сөзү асманга учуп кеттиго, казып койот 1 2 жума жамалбай турат унаалардын балондоруда жарылып атат, бөлүнгөн акчаны толук иштетсе болмок жеп эле койботон, жамап оңдогондон көбүрөөк пайда түшөт экенда ошол үчүн жамап жатышат,Ошто бир эле Ак-Тилек кичи р-ну жолу гана жакшы калган жери жаман
+1
solntse95
2017-04-30 00:55:55
Айтмамат тушпоптур да унаасы менен...
+3
spinkub
2017-04-30 02:32:55
solntse95,башы менен десен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан