Боинг кырсыгынан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга моралдык жардам катары ӨКМнын атайын эсебине чогултулган каражаттар бөлүнүп берилди. Бул тууралуу 29-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү жабыркагандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учак кыйраган Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылынын жашоочуларына жардам катары 5 миллион сом бөлүү жөнүндө чечим кабыл алышкан. Акчалай жардамды аталган айылдын 232 жашоочусу алды. Алар мамлекеттик нотариустун катышуусунда тийиштүү документтерди толтуруп, акча каражатын алышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, акча каражатын бөлүштүрүү үчүн Новопавловка айыл өкмөтүндө комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, каза болгондордун жакындары жана жабыркаган жарандар кирген. Акыркы маалыматтар боюнча ӨКМнын атайын эсебине 102 миллион 160 миң 180 сом түшкөн.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева "Боинг кырсыгынан каза болгондордун жакындарына 2 миллион сомдон, турак жайы зыянга учурагандарга 25 миң сомдон берилгени жатат" деп билдирген.