"Супер-Инфонун" окурманы: "Гезиттин ар бир санын калтырбай окуйм, ошол үчүн жеңүүчү болдум көрүнөт"

Бүгүн, 2-май күнү "Супер-Инфо" гезитинин редакциясында басылманын 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюн-утуштун жеңүүчүсүнө кезектеги белек тапшырылды. Эске салсак, буга чейин дагы бир окурманыбыз белегин алып кеткен эле. Ысык-Көл облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Айткүл Токтобек кызы гезит жана оюн тууралуу пикирин айтты: "7 жылдан бери “Супер-Инфону” окуп келебиз. Оюндун суроолору көп деле кыйын болгон жок. Баштапкы 2 суроону тез эле таап алдым, ал эми 3-суроонун жообун табууга эжем жардам берди. Ал да көптөн бери сиздердин гезитиңиздерди окуйт. Ар бир санын калтырбай окуйм, ошол үчүн жеңүүчү болдум көрүнөт".

Урматтуу окурман, 15 жылдык мааракеге арналган оюн-утуш кызуу уланууда. Сиз дагы катышып, белек утуп алыңыз! Оюн-утушка катышуу шарттарын "Супер-Инфо" гезитинен окуй аласыз.

"Супер-Инфонун" байгеси Ысык-Көлдүн тургунуна буйруду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан