Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүнүн астында калган бешинчи адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-майда билдирди.
"Бүгүн саат 19:55ке карата жер көчкү астында калган 2 адамдын жансыз денелери табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча алар 1978-жылы туулган Икрамжан Коргонбаев, 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжанович", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 30-апрелде жер көчкү астында калган 3 адамдын жансыз денелери табылган. Алар: 2005-жылы туулган Адина Маманова, 2015-жылы туулган Мадина Хабибилаева жана 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаева.