Облустук сот милициянын кашын жара тепкен Алтынай Жайнакованы 4 жылга шарттуу эркинен ажыратты

Ош облустук соту милициянын кашын жара тепкен Алтынай Жайнакованы 4 жылга шарттуу эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Ош облустук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, облустук соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы 27-апрелде жабырлануучунун апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган. Соттук коллегиянын өкүмүнө ылайык, Алтынай Жайнакова Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, ага бир жылга сынак мөөнөтү белгиленген.

Буга чейин Ош шаардык соту Жайнакованын ишин 13-мартта карап, Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, айыпталуучуга 30 миң сом айып салынган. Соттун бул өкүмүнө нааразы болгон жабырлануучу апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылган болчу.

Айта кетсек, окуя 13-январга караган түнү Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Алтынай Жайнакова өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал эми Ош шаардык соту 14-январда аны үй камагына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Jyrgal_msk
2017-05-03 13:33:03
Туура чечим.Бул кызга кобуроок тарбия бериш керек.
+3
portugalia
2017-05-03 13:48:31
Жанылбаган жаак болбойт.Алтынайдын келечеги алдыда да ушинтип эле камап койсо бул кыздын келечеги такыр эле талкаланып кетет.
0
Barchynbek
2017-05-03 13:49:42
Зоонага кетет
+1
Barchynbek
2017-05-03 13:50:26
Бирок бул дагы обласнойгода жалоб жазат коросунорго чыгам деп.
+2
Myrzashka95
2017-05-03 14:54:28
Жаш кыздын келечегине кеткис так,балта чабылган турбайбы. Алды аркабызды карай журолу,эртен эмне болот билбейбиз да. Ээй сын такпаш керек мындай нерселерге кулгонго куло жетет.
0
meni_kut
2017-05-03 15:36:56
Myrzashka95,жаш кыз жаш кыздай болбойбу анда?Жаш кыз да ушундай болобу?
0
Azamat1988
2017-05-03 15:28:02
Кызга да Арз жазабы намысы жок э ркек экен аялынын алдында кантип жашайт эртен аялыда бир чапса каматат
-1
Kyrgyz_bloger
2017-05-03 15:35:08
Бул милицияны эртен мекенди коргоо учун согушта душмандар кашын жара тепсе кимге арыз жазат.
+3
arzygulR
2017-05-03 15:35:21
Аялбы эркекпи жазасын алсын да закон бирго
+1
meni_kut
2017-05-03 15:39:13
Назик бир байкуш жаш кыз болсо боор оорумак.Бул тастандап мас болуп,Мелис байкеникинде жашайм деп,чон киши мн кучакташып суротко э койчу...Жаш кыз ,дей албайсын муну
0
Balam_bakytym
2017-05-03 15:48:59
Эми бармагын тиштеп отургандыр. Ичпегенде анчалык болбосо керек эле. Ушуга окшогон балекеттердин баары аты очкур арактан
+1
Ayida
2017-05-03 16:18:23
Кашын тепсе 4 жылга.Асынып алгандын куйоосун 4 жылга камаса бул эмне деген соттор??????????
+1
sahalin.kg
2017-05-03 16:34:59
патрулдук милицияга уят да... кичине джентельмендик болуш керек да
-1
Aytur
2017-05-03 19:54:06
Куйосу аялын кашын эмес башын жара чапса да журушотко и...р!!! Анан бул байкуштун келечеги кандай болот психикасы бузулат актаган жокмун болгону жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт дегим келген. Милиция деген оз оордун билсе тепмек эмесда видеодо байкуштун уятынын баарын корсотуп тартышканготепбей карап отурабы анан!!!?
+1
Azamat1988
2017-05-03 23:46:38
Санына жабысса тебетта Байкуш кыз намысы жок эркек экен эркектен келтек жессе эмне болмок шолбурогон милиция ордуна спортсмен балдарды тандап эгзамен откозуп алыш керек катындан калтак Жеген эркектин мне кереги бар
0
Azamat1988
2017-05-03 23:48:03
Бутана жабышса Кашына тебетта колунан кармап сальса деле болмок намысы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан