Ошто милициянын кашын жара тепкен Алтынай Жайнакова күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Ош шаардык сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаардык соту Жайнакованын ишин кечээ, 13-мартта карап, Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, айыпталуучуга 30 миң сом айып салынган.
Айта кетсек, окуя 13-январга караган түнү Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Алтынай Жайнакова өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал эми Ош шаардык соту 14-январда аны үй камагына чыгарган.