SUPER.KG күндүн темасына айланып, интернетте кызуу талкууга алынып жаткан "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым..." ролигинин сырын билди. Эксклюзивдүү маалыматты SUPER.KG`ге "Hackmee" тобунун өкүлү билдирди.
"Негизи Албарсты башка улуу эпос, жомок, уламыштар сыяктуу эле кыргыз элинин улуттук кенчи деп айтууга болот. Бул Египет үчүн мумия, америкалыктар үчүн Бугимен, румыниялыктар үчүн Дракула сыяктуу эле.
Алсак, Дракула үчүн жыл сайын 560 миӊдей турист Румынияны көрүү үчүн келет экен. Бул аталган өлкөнүн экономикасы үчүн эмне деген акча? Бирок дайыма эле андай боло берген эмес. Ал үчүн атайын фильм, мультфильмдер тартылып, ырлар ырдалган.
А биздин Албарсты алардан жаман да эмес, жадакалса мыкты. Эмне үчүн? Себеби ал ар кимге келиши мүмкүн, түрдүү образдарга айлана алат. Ал күчтүү, эч ким аны жеӊе албайт, ал өзү кааласа гана курмандыгын таштап кетет. Ал жөнүндө уламыштарды дээрлик элдин баары билет. Демек, биздин Албарсты да улуу жана күчтүү, андыктан Дракула, мумия жана башка чет өлкөлүк коркунучтуу каармандарга караганда, алардан да популярдуу боло алат. Ошон үчүн биз бул ирет Албарсты тууралуу фильм тартып, ал жөнүндө ырдап чыгууну чечтик. Ыр тамашалуу болгону менен фильм олуттуу", - дейт.