
Франциянын президенти Эммануэль Макрон кайрадан коомчулуктун көңүл борборуна түштү. Бул жолу ал Омандын султаны Хайсам бин Тарик Аль Саид менен болгон расмий жолугушууга кара көз айнек тагынып келди.
Франциянын BFMTV телеканалы билдиргендей, Макрон көз айнегин Елисей сарайынын кире беришинде гана эмес, имараттын ичинде өткөн келишимдерге кол коюу аземинде жана андан кийинки француз-оман бизнес-форумунда да чечкен эмес.
AFP агенттигинин маалыматына караганда, Франция лидери көзүндөгү убактылуу көйгөйдөн улам кара көз айнек тагынууга мажбур болгон. Тактап айтканда, анын көзүндөгү кан тамыр жарылганы айтылууда.
Ошол эле учурда Франциядагы “Патриоттор” партиясынын лидери Флориан Филиппо Макрондун мындай көрүнүшү боюнча өз божомолун айтып, муну жубайы Брижит Макрон менен байланыштырды.
Эске салсак, өткөн жылдын май айында журналисттер Макрон менен жубайынын ортосундагы жагдайды видеого тартып алышкан. Андагы кадрларда Брижит Макрон күйөөсүнүн бет тарабына түрткөнү байкалган.
Буга чейин да Макрон расмий иш-чараларга кара көз айнек менен чыккан. Ал январь айында Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып да көз айнек тагынган. Ошондо ал муну көзүндөгү кан тамырдын жарылышы менен түшүндүргөн.
Елисей сарайы президенттин ден соолугу жакшы экенин белгилеп, бул убактылуу гана көрүнүш экенин билдирген.