"Супер-Инфонун" окурманы: "Атактуулар тууралуу макалалар жагат"

Бүгүн, 3-май күнү “Супер-Инфо” гезитинин редакциясында басылманын 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюн-утуштун кезектеги жеңүүчүсүнө белек тапшырылды. Талас облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Төлөбай кызы Наризат: “Мен Таластын Бакай-Ата районунан болом. Суроолор мен үчүн жеңилдей эле сезилди. Гезитке жарыяланган шоу, маданият жаатындагы маектерди кызыгып окуйм. Айрыкча, атактуулар тууралуу макалалар жагат.Тагдыр рубрикасындагы турмуштук окуялар да кызыктуу”, - деди. Жеңүүчүбүздүн ордуна Айзаада Сурабалдиева аттуу тууганы редакциябызга келип, белегин алып кетти.

Урматтуу окурман, 15 жылдык мааракеге арналган оюн-утуш кызуу уланууда. Сиз дагы катышып, белек утуп алыңыз! Оюн-утушка катышуу шарттарын "Супер-Инфо" гезитинен окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан