Жарандык активисттер Аюу айылында жер көчкү алдында калып каза болгондордун жакындарына акчалай жардам чогулта башташты

Жарандык активисттер Аюу айылында жер көчкү алдында калып каза болгондордун жакындарына акчалай жардам чогулта башташты. Мындай маалыматты бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына активист Акбалык Жумалиева билдирди.

"Кыргыз Өкмөтүнө ишенип карап отурсак, убакыт кете тургандай. Ошол үчүн колдон келген жардамды бергиси келгендер, атайын ачылган эсепке акчаларын которушса болот. Анткени биз мекендештерибиздин кайгыларын тең бөлүшүп, көңүл айтабыз. Ошондой эле журтташтарыбыздын кыйналып, кайгырып турганын четте карап тура албадык. Учурда жер жерлердеги мекендештерден чогулган каражаттын суммасы 15 миң сомдон ашты. Кээ бир адамдар Орусия, АКШдан акча которуп жатышат", - деп билдирди Жумалиева.

Белгилүү болгондой, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Жыйынтыгында 24 жаран көчкү алдында калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2017-05-04 13:21:30
Аллах ыраазы болсун! Азаматсыңар акчаны чогултуп өз колуңар менен берип келгиле бийликке берсенер бергиси келбей убакыт өткөрүп журо берет.
+2
Kroxa
2017-05-04 13:50:39
Ооба окмот ачканда оз дарегине жетпей калат ошону ойлонуп иш кылганынар жакшы 100..50 сомдон которсо да 1миллионубуз берсек жакшы болот..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан