КҮНСЕРЕП: Өкмөт көчкү боюнча күнөөнү айыл өкмөткө шылтап кутулабы?

Бүгүн, 4-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өзгөндө 24 адамдын өмүрүн алган көчкү боюнча өкмөт парламентке маалымат берди. Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков жетектеген өкмөт мүчөлөрү кырсыктын алдын албады деп жергиликтүү бийликти күнөөлөп жатышат. Өлкөдө табигый кырсыктардын алдын алуу, алдын ала байкоо жүргүзүү, эскертүү берип, тийиштүү чараларды көрүп элдин коопсуздугуна кам көрүүгө түздөн-түз жоопкер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоопкерчилиги кандай каралат?

Көпчүлүк депутаттар дал ушул министрликти күнөөлөп, “министриӊер баш болуп баарыӊар уктап калдыӊар. Кимдин эле өлгүсү келсин. Элге барып эртеӊ көчкү жүрөт деп шаштырсаӊар заматта көчүп кетишмек” дешти. Министрликтин өкүлдөрү элди көчүрүү биздин милдет эмес, жергиликтүү бийлик иштебей койду” деп жоопкерчиликти акимге, айыл өкмөткө оодарууда. “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамда Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин милдети так жазылган. Ал табият кырсыктарынын алдын алуу, элдин коопсуздугуна кам көрүүгө милдеттүү. Бүгүн жер алдында калгандардын айрымдарынан “өлсөм доом жок” деп жаздырып алган кагазды бетке кармап, “эскертүү берсек көчпөй коюшса эмне кылалы” деп алакан жайып отурушат. Жер алдында калгандарды эртелеп көчүрүү, аларга башка аймактан ыӊгай-шарт түзүп берүү боюнча жетиштүү иш жасалбаганы өкмөт өкүлдөрүнүн бүгүнкү жоопторунан белгилүү болду. Өкмөттүн "убагында ссуда бергенбиз" деген жообу да депутаттардын сынына кабылды. Ссуда берилди дегени менен көзөмөлдөп, элди кооптуу тилкеден алып чыгып кетүүгө кам көргөн орган болбогонун айтышты. Кырсыктан кийин деле жабырлануучуларга жакшы шарт түзүлбөгөнүн, өкмөт колунда бар темир контейнерлерин катып, ордуна чатыр тигип бергенин жемелешти. Өкмөт өкүлүнүн жообу: "Эл чатыр сураган жок, ошондуктан чатыр тиктик". Жакынын жоготуп мүӊкүрөп турган эл, "бизге темир контейнер коюп бергиле" деп өкмөттөн суранышы керек экен. Эмне үчүн даяр контейнерлерди суратпай алып барып орнотуп берип коюшпайт? Бул аймакта 2003-жылы да көчкү жүрүп, анда 51 адам каза тапкан. 14 жылдан бери бир айылдын элин коопсуз жайга көчүрүп, керектүү шартын түзүп бере албаган мамлекетке элине камкордук кылып жатат деп баа берүүгө мүмкүнбү? Дайымкыдай, бул кырсыкта да жоопкерчилик төмөнкү рангдагы кызматкерлерге жүктөлгөнү турат. Бир апта мурун Жогорку Кеӊеш өкмөттүн жылдык отчётун кол чабуулар менен кабыл алып, депутаттар өкмөт жакшы иштеп жатканын айтып макташкан. Өкмөт жакшы иштесе бир айылдын жарымы көчкү астында калбайт эле...

Эл аралык “Freedom House” уюму Кыргыз бийлигинин массалык маалымат каражаттарына жасаган мамилесине тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө Кыргыз жериндеги көз карандысыз ММКлардын үстүнөн берилип жаткан доо арыздар “демократияны өнүктүрүүгө керек институттарга чабуул” деп бааланып, президент Алмазбек Атамбаевди сындаган эркин маалымат каражаттарына саясий куугунтукту токтотуу чакырыгы айтылды.

Аталган уюм Кыргыз жеринде демократиянын абалы кыйындап баратканын 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган докладында жарыялаган. Анда уюм Кыргыз Республикасын “жарым-жартылай эркин өлкө” деп атаган, 2015-жылы да ушундай баа берген. Ал эми 2014-жылы Кыргыз мамлекетин демократиянын принциптери өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кошкон эле. Сөз эркиндиги жаатында Тажикстанда да абал жакшы эместиги, медиа тармагы дайым бийликтин көз алдында экени белгилүү. Эгемендик жылдарынан бери өлкөнүн 20 журналисти чет мамлекеттен баш калка сурап, өлкөдөн чыгып кеткенин Тажикстандагы аял журналисттер коалициясынын башчысы билдирди.

Эл аралык “Freedom House” уюмунун соӊку жыйынтыктары бийликке анчалык жакпасы анык. Бийлик эл аралык уюмдардын жыйынтыктары Кыргыз өлкөсүнө каршы саясатташып кетти деген пикирде...

Орусия Кыргыз мамлекетиндеги 240 миллион доллар карызын кечти. Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кол койгону белгилүү болду. Муну менен Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы карызы толук жоюлду. Орусия 2016-жылы 30 миллион доллар карызын кечкени белгилүү.

Кыргыз Республикасынын карызынын негизги бөлүгү Кытайдан жана Дүйнөлүк банк өӊдүү каржы уюмдарынан алынган. Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, 2017-жылга карата Кыргыздын мамлекеттик карызы 4 миллиард 75 миллион долларды түздү. Мунун 3 миллиард 700 миллион доллары тышкы карыз болсо, калганы ички карыз. Акаев, Бакиевдердин тушунда алынган карыздарды кайтаруу мөөнөтү келгендиктен Кыргыз өкмөтүнүн шаштысы кетип турганын эксперттер айтып жатышат. Муну 2016-жылы карыздарды жоюуга төлөнгөн акчанын суммасынан да байкоого болот. Кыргыз өкмөтү карыздарды жоюуга 20 миллиард 750 миллион сомго жакын акча жумшаган. Бул 2015-жылга салыштырганда 44 пайызга көп. 2017-жыл үчүн эле карыздарды төлөөгө 150 миллион долларга жакын акча каралганы белгилүү болду. Карызга алынган акчалар өзүн-өзү канчалык актады? Бул суроонун жообу сөзсүз талаш жаратат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан