Былтыркы жылдын үй-бүлөлүү түгөйлөрдүн катарын толуктаган жаш жубайлар "Style Mix" триосунун ырчылары Адилет мырза менен Илима айым баш кошкондон бери жаңы чыгармаларды жаратпай калышты. Мунун себеби эмнеде деген суроого Адилет Эркинбек уулу: "Акыркы учурда чыгармачылыгыбыз бир аз аксады. Буга үй-бүлө кургандан кийин башка жумуштардын көбөйүшү себеп болууда", - деп жооп берди.
Түгөйлөр эми дуэт менен чыгабы же трио боюнча калышабы десеңиз, жооптору "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санында (№757, 5-май, 2017-жыл).