Өлкөдө онкологиялык ооруга чалдыккандарга морфин дарысы жетпей жатканы айтылды

Өлкөдө морфин дарысы жетишсиз болуп, онкологиялык ооруларга чалдыккандар кыйналып жатышканын бүгүн, 4-майда "Эргене" коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова айтып чыкты.

Ошол эле учурда дары менен камсыздоо департаментинин өкүлү дарылардын саны жетиштүү экенин айтты.

"Ар бир адам оорубай, татыктуу жашоого укуктуу. Бизге морфин дарысы бажы кызматы аркылуу кармалып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам биз тиешелүү тараптардын өкүлдөрүн чакырганбыз. Бирок алар дарылар кармалбаганын айтышууда. Бүгүнкү күндө бул маселеге байлыныштуу эч бир кызмат өзүнө жоопкерчилик албай жатат. Кагаз түрүнө келгенде баары ойдогудай болуп турат. Жыйынтыгында бейтаптар зыян тартып жатышат", - деп билдирди Сабырбекова.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүнө жыл сайын морфин дарысы 16-18 килограмм салмакта алынары айтылды.

"Эл арасында онкологиялык ооруга чалдыккандар тууралуу "баары бир өлөт да" деген түшүнүк сиңип калган. Андан көрө каражатты башка чыгымдарга жумшаш керек деп ойлошот. Мында биз социалдык маданиятыбызды көрсөтөбүз. Ооруп жаткан адамга жакшы мамиле кылбасак, анда биз маданиятсыз адамдар болуп калабыз", - деп кошумчалады Сабырбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан