Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери токтотулду

Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, 16 жарандын денесин издөө иштери бүгүн саат 15:00гө карата каза болгондордун жакын туугандарынын жана жергиликтүү бийликтин макулдугу менен, Уламалар кеңешинин чыгарган фатвасы эске алынып токтотулду.

Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да тастыктады.

Айта кетсек, 29-апрель күнү саат 07:00 чамасында Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Кырсыктын кесепетинен 24 адам жер көчкүнүн астында калган. Буга чейин жүргөн издөө-куткаруу иштеринин негизинде 8 адамдын жансыз денеси табылган болчу.

Табылгандардын тизмеси:

2005-жылы туулган Адина Маманова;
2015-жылы туулган Мадина Хабибилаева;
1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаева;
1978-жылы туулган Икрамжан Коргонбаев;
2013-жылы туулган Алмазбек Назирбаев;
2003-жылы туулган Азиза Назирбаева;
2007-жылы туулган Умида Назирбаева;
2000-жылы туулган Хуршидбек Назирбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kroxa
2017-05-04 21:28:53
5 кун майрам болсо казбай калышсын..
+3
butun.kg
2017-05-04 22:23:30
Бир нерсени баштагандан кийин аягына чыксанар.
+6
zhumagul89
2017-05-05 18:36:38
butun.kg,аягына чыкса кун тескери жактан чыгып калбасын.
0
portugalia
2017-05-04 22:37:37
Жакындарына сабыр берсин!Жаратылыш кырсыктары болбосо экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан