КҮНСЕРЕП: 9 жолу өзгөргөн Баш мыйзамдын күнүн белгилөөнүн кажети барбы?

Бүгүн, 5-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганына 24 жыл толду. 1993-жылы 5-майда “легендарлуу парламент” эгемендүү Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамын кабыл алган эле. Андан бери ал Конституция 9 жолу өзгөртүүгө дуушар болду. Аскар Акаевдин убагында 4 жолу, ал эми Курманбек Бакиевдин тушунда 3 ирет толукталып, өзгөртүлгөн. Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү эл арасындагы нааразылыктарды пайда кылып, революциялардын коштоосунда президенттердин өлкөдөн качып чыгышы менен аяктаган. 2010-жылы экинчи президент бийликтен кулатылгандан кийин шашылыш түрдө жаңы Конституция кабыл алынган. Өткөөл мезгилде Кыргызды Роза Отунбаева башкарып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, эксперттер, саясатчылар жана жарандык коомдун катышуусу менен Конституция талкууга алынган. Конституция кабыл алынып, 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Кыргыз өлкөсү парламенттик-президенттик башкаруу системине өткөн. Бирок бул документтин кемчилигин айтып, Баш мыйзамга толуктоолорду киргизүү керек деген чакырыктардын арты тыйылган эмес. Саясий серепчилер Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү бүтөрдө премьер-министрдин позициясын бекемдөө үчүн Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет деп болжолдоп келишкен. Президенттикке келгендин алгачкы жылдарында Алмазбек Атамбаев жаңы Конституция жазуу адаты токтотулушу керек дегени менен, кийинчерээк Баш мыйзамды өзгөртүүгө кирише баштаган. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары ант берген маалда да Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айткан. "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөө учурунда Атамбаев Убактылуу өкмөттүн ишин сынга алып, Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгын баса белгилеген. Ошол эле жылдын сентябрь айында КСДПнын лидери Иса Өмүркулов Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун алып чыккан. Мыйзам даярдалып жатканы тууралуу депутаттар, көпчүлүк коалициянын курамындагы "ата мекенчилердин" маалыматынын жоктугу, мыйзам долбоорду иштеп чыгууга депутаттардын катышпагандыгы талаш-тартышты жараткан. Оппозиция, укук коргоочулар, саясий серепчилер Баш мыйзамдын күчүн бекемдөө үчүн 2010-жылы киргизилген мораторийге таянып, референдум өткөрүү сунушун колдошкон эмес. Мыйзам долбоорун талкуулап, сунуштарды киргизүүгө 1 ай убакыт берилген. Коомчулук Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн туура же туура эместигин талкуулап жатканда бийлик административдик ресурстарды колдонуп Конституцияны өзгөртүүнүн оң жактарын ММКлар аркылуу жайылтууга киришкен. Мыйзамдагы толуктоолор сот системи, өкмөт башчыга байланыштуу болгону менен карапайым калкка жетиштүү түшүндүрүлгөн эмес. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Июнь окуясында этностор аралык каршылыкты козуткан, киши өлтүргөн деп күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду абактан бошотуу талабын койгону да Конституцияны өзгөртүүгө шылтоо болгон. Анда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардын чечимдерин тааныбай турганы айтылган. Ошондой эле бир жыныстуулардын үй-бүлө курушуна мыйзам аркылуу тыюу салуу өңдүү өзгөртүүлөр калкка жайылган. Мыйзам долбоору 3 айдан ашык талкууланып, 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүлгөн. Муну менен Алмазбек Атамбаев тарыхта Конституцияны өзгөртпөгөн президент катары кала алган жок. Референдумга катышкан шайлоочулардын 80 пайызы макул деп добуш берген. Бул бардык Кыргыз жарандары шайлоого катышты дегенди түшүндүрбөйт. Анткени биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар гана шайлай алышат. Бийлик мамлекеттик кызматкерлерди кыйыр түрдө мажбурлап шайлоого катыштырып, жалпы шайлоочулардын 40 пайызы добуш берген. Жыйынтыгында Акаев жана Бакиевдин учурундагыдай эле административдик ресурстар ишке киргизилген. Баш мыйзамды өзгөртүүгө "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, "Бир-Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова каршы чыгышкан. Президенттин демилгесине каршы чыккандар азыр кайсы бир деңгээлде саясий куугунтукка алынганын көрүүгө болот. Өмүрбек Текебаев мамлекет башчынын байлыктарын санап баштаганда ага карата оор берене менен кылмыш иши козголду. Коррупцияга айыпталган депутат учурда УКМКда камакка алынган. Салянова менен Шыкмаматовго дагы кылмыш иши козголгон. Чолпон Жакупова президентти сындап, намысына шек келтирди деген жүйөө менен Башкы прокуратура укук коргоочуга 3 миллион сом суммасында доо койгон. Конституцияда элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген баатырларды эске сактап, адам укугун урматтоону жана коргоону туу туткан эркин, демократиялык мамлекет кура тургандыгыбызды тастыктайбыз деп жазылат. 2010-жылдагы Баш мыйзамдын артында жүздөгөн адамдын өмүрү бар эле. Өзгөртүү киргизилгенде ал эске алынган эмес. Конституция элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, бийлик башындагылардын саясатына ылайыкталышы эл арасында нааразычылыктарды жаратып, төңкөрүштөр орун алганы маалым. Баш мыйзамды болушунча өзгөртүп баркын кетиргендер эки революциядан сабак алышса...

Жогорку Кеӊеште 4-майда Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору талкууга алынды. Илим тармагына жетиштүү көңүл бурулбаганына 1 айдан бери академиянын жетекчисиз турганы далил болду. Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев капыстан арыз жазып, президенттик мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир жыл калганда кызматтан кетти. Ага чейин вице-президент деген кызмат оруну жоюлуп бөлүмдөргө айланган эле. Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, өкмөт башчы шайлоо өткөнгө чейин президентинин милдетин аткаруучуну дайындаш керек эле. Бирок бул боюнча ММКлар жарыялап баштаганга чейин академиянын башчысынын милдетин аткаруучу дайындалган эмес. 4-майда академик Мурат Жуматаев академиянын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Парламентте талкууланган мыйзам долбоорунда академиянын президентинин жаш курагы 70тен ашпашы керектиги, 4 жылдык мөөнөткө атаандаштык негизде шайланышы айтылат. Буга окумуштуулар каршы болгону менен, пикирин ачык айтууга батынганы аз. Депутаттар Осмонбек Артыкбаев менен Кубанычбек Жумалиев академиянын президентинин жаш курагын чектебөөнү айтып чыгышты. Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Жогорку Кеңештеги отурумдардын жүрүшүнө нааразылыгын билдиришкен. Алар академияны мүчө-корреспондент башкарышына каршы болушууда. Бирок ачык айтууга эч кимиси чыгына элек. Жогорку Кеңеште экинчи окууда депутаттардан кошумча сунуштар келип түшкөндүктөн Улуттук илимдер академиясы жөнүндө мыйзам долбоору тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлдү. Академиктердин үнү жетпегенин президенттин "сасык саясатчы" деген сөзүн анализдеген окумуштуу табылбаганынан дагы көрүүгө болот. Коомдук саясий окуялардын учугу уланып илим изилдөөчүлөрдүн көйгөйү акыркы орунга жылып жатат...

Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү алдында калган 16 адамды издөө иштери 4-майда токтотулду. Анда каза болгондордун жакын туугандарынын жана жергиликтүү бийликтин макулдугу менен, Уламалар кеңешинин чыгарган фатвасы эске алынды. Каза болгондорду издөө иштерине адамдар гана катышып, техника тартылган эмес. 29-апрелде түшкөн жер көчкүнүн бийиктиги болжол менен 10 метрге жетери айтылган. Күрөк менен казуу иштери тез бүтөрү күмөн жаратып жаткан. Кырсыктан 3 күн өткөндөн кийин набыт болгондорго жаназа окулду. Каза болгондор үчүн жаназа окулуп, издөө иштеринин токтотулушу коомчулукта кайчы пикирди жаратты. Кыргыз мамлекети светтик өлкө болгону үчүн диний ишмерлердин аралашканы туура эмес деген пикирлер айтылды. Ага чейин 8 адамдын жансыз денелери табылган эле. Бири апасынан, экинчиси баласынан айрылып турган маалда бийлик башындагылар каза болгондорго күнөөнү оодарганга үлгүрүштү. Жаратылыш кырсыктары жер көчкү менен токтоп калбашы анык. Акыркы 2 күндүн аралыгында күчү 5 баллга жеткен жер титирөөлөр катталды. Чоң-Алайдын эли зилзаланын бир нече ирет кайталанышынан улам өз үйлөрүнө кирүүдөн коркуп жатышат. Адам өмүрүн алган жер титирөө болсо ким жооп берет? Жаз айларында тоолордо кар эрип, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлөрү белгилүү. Сел жүрүү коркунучу жогору аймактар көп. Бирок бул Кыргыз бийлик башындагылар үчүн жаңылык болбошу керек. Канча жылдан бери келе жаткан көйгөйлөрдү чечүү, жарандардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алуу компетенттүү органдардын түз милдети...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан