Бишкекте жарандык активисттер түлөө өткөрүшөт. Мындай маалыматты бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына жарандык активист Тимур Саралаев билдирди.
"Акыркы убактарда өлкө аймагында бир топ кырсыктар катталып жатат. Мындан улам жарандык активисттер мал союп, кан чыгарып, куран окуп ушул жумада түлөө өткөргөнү жатабыз. Илгери ата-бабаларыбыз дагы эл башына оор күн түшкөндө түлөө өткөрүп жамандыкты кайтарууга аракет жасап келген. Биздин өткөрүп жаткан иш-чарага жер-жерлерден тургундар катышса болот. Буга өлкөдөгү ар бир жашоочу катыша алат. Азырынча кайсы жерде өткөрөрүбүздү макулдашып жатабыз", - деп билдирди Саралаев.
Эске салсак, 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрттөн улам 14 кыргыз кызы көз жумган. Андан соң 2017-жылдын 16-январында Курулуш башкармалыгы дачалары айылында учак кырсыгы орун алып, 39 адамдын өмүрүн алган. Ал эми Өзгөн районунун Аюу айылында үстүбүздөгү жылдын 29-апрелиндеги жер көчкүдөн улам 24 жергиликтүү тургун жер алдында калып, каза болгон.