Бүгүн, 8-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Францияда кечээ, 7-майда президенттик шайлоонун 2-туру өтүп, анда Эммануэл Макрон жеңип чыкты. Дүйнөдө Макрон Франциянын тарыхындагы эң жаш президенти болору кызуу сөз болуп жатса, Кыргызда Макрондун аялынын андан бир топ улуу жашта экендиги көбүрөөк талкуу жаратууда. Франциянын жаңы президенти учурда 39 жашта, ал эми ханайымы болчу Брижит Макрон 64тө, тагыраагы жолдошунан 25 жашка чоң. Экөөнүн баш кошконуна быйыл 10 жыл болот. Макрондун жеңишин “аял жакшы, эр жакшы” деген макалга таягандар четтен табылат, себеби Брижит Макрон жолдошунун үгүт кампаниясын активдүү колдоп жүрдү. Бул аралыкта интернет колдонуучулар кыргыз саясатчыларынын арасынан Эммануэл Макронду издеп убара тартышууда. “Андан көрө жубайы 25 жаш кичүү болгонду табуу оңой” деп шакаба чегип да жатышат.
Жеңиш дагы эмнеси менен өзгөчөлөндү? Атаандашынан кыска аралыкта дээрлик эки эсеге алдыга озуу менен, 23-апрелде өткөн президенттик шайлоонун 1-турунда Макрон добуштардын 23,75 пайызына ээ болсо, экинчи болуп келген Марин Ле Пен 21,53 пайызды өз пайдасына топтогон. Макрон менен Ле Пенди саясаттагы тажрыйбасы боюнча салыштырса, анда Макрон жаңы эле мектеп босогосун аттаган окуучудай болуп калат. Жеңишти багынткан талапкер борборчул маанайдагы саясатчы жана Франциянын келечегин Европалык союздун катарында көрөрүн айтса, Ле Пен тескерисинче, оңчул, улутчул маанайдагы талапкер жана президент болуп шайланса, Францияны Европалык союздун катарынан чыгарууну демилгелей турганын билдирген. Ле Пенди АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трампка көп окшоштурушат. Ал да миграция агымын чектөөнү сунуштап, исламисттерди депортациялоо зарыл деп чыккан. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган өлкөнүн калкынын 10 пайыздан ашуунунун теги башка өлкөлүктөр түзөт.
Европалык союздун өлкөлөрү, анын ичинде Франция дагы Кыргыздын 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин тандап алган багытын, парламенттин ролу күчөшүн колдойт. Макрон менен Ле Пен өңдүү биздин талапкерлер дагы таза атаандаштык менен акыйкат шайлоо өткөрүүгө даярбы? Кыргыз эличи? Кийинки алты жылдыкка өлкөнү өргө сүрөй турган талапкерди тандап, колдоп алууга эл даярбы же боло келген адатка салып, “биздин суунун, биздин жердин баласы” принциби күчтүүлүк кылып кетеби? Шайлоочулар үчүн азыртадан бул суроонун үстүндө ойлонуп баштоо зарыл...
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданын модернизациялоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Эске салсак, бул ат майдан акыркы жолу Нооруз майрамында чоң талкуу жараткан. Андан бери бир жарым ай өтүп, премьер-министр иш графигинен эми жылчык тапкан көрүнөт. Баса, апрель айында көк бөрү федерациясынын президенти болуп Икрамжан Илмиянов шайланган. Нооруздагы талкууга келсек, анда көк бөрүнүн күйөрмандары оюн көрүү үчүн темир конструкциядан турган сахнаны “басып” алышкан. Коопсуздук чаралары каралбаганы катуу сынга кабылып, атүгүл милиция кызматкерлери тартип бузгандарды тартылган видео жана фото аркылуу издөөгө алабыз деп чамынып чыгышкан. Сооронбай Жээнбеков баштаган жыйында адистер ипподромду реконструкциялоого 300 миллион сом керектигин айтышты. “Акыркы майрамдык иш-чаралар ат майданында инфраструктуралык маселелер бар экенин көрсөттү. Мындан улам аны оңдоо муктаждыгы келип чыкты”, - дейт өкмөт башчы. Андан ары ипподромду 2017-жылы курулуш иштери бүтө турган социалдык маанидеги объекттердин катарында экенин айтты.
Ушул эле күндөрү үйлөрү социалдык маанидеги объекттердин катарына кирбеген Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүлөрдөн, Чоң-Алай районундагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жандан өткөн жаздын суугунда чатырларда жашап жатышат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 24 адамдын өмүрүн алган Аюу айылынын тургундарын коопсуз жайга көчүрүү чечилип жатат, электр энергия, жол, таза суу маселеси да каралууда. Бирок аларды үй менен камсыз кылуу, жок дегенде турак жай тургузуу үчүн ссуда берилери тууралуу өкмөт ооз ача элек. Болгону Өзгөн, Чоң-Алай районунда жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында акча которуу үчүн эсеп ачылганын жарыялады. Өкмөттүн мындай кадамга баруусуна Боинг кырсыгынан жабыркагандарга эл тарабынан 100 миллион сомдон ашуун каражаттын топтолгону түрткү болду көрүнөт. 6-майда таратылган маалыматка ылайык, Боинг кырсыгынын жабырлануучуларына таратылган элдин жардамынан 7 жаран үй сатып алды. Бирок эсепти ачкан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, анын башында турган өкмөт да элден чогултулган акчанын чоо-жайы тууралуу ачык-так маалымат бербей келет. Соңунда келип, жабыркагандар өздөрү жардам алгандардын тизмесин, акчанын көлөмүн айтуудан баш тартып жатышат болуп чыкты. “Аларды тоноп кетүүгө аракеттер болушу мүмкүн. Өкмөттүк комиссия тарабынан тиешелүү органдарга жабыркагандардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырылды” деп жазылат өкмөттүн маалыматында. Ал эми коомчулукка табышмак бойдон калып, бүдөмүк ойлор бир гана шектенүүнү күчөтүп жатат. Эске салсак, SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир канча жолу эсепке жардам катары акча которгондордун аты-жөнүн, суммасын тизмелеп көрсөтүүнү сунуштап кайрылган. Тизме жарыяланган эмес, эл которгон акчанын баары эсепке алындыбы-жокпу, белгисиз бойдон калды. Аскердик сыр сыяктуу бул маалыматтын жаап-жашырылуусу ишенбестикти жаратты. Андыктан жер көчкү жана жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга ачылган эсепке акча которууга эл бул сапар ишенеби же жокпу, суроо бойдон турат. Топтолгон акчанын Боинг кырсыгынан жабыркагандарга 3 айдан кийин таратылуусу да түмөн түйшүк ойду туудурган болчу. Дегеле ат майдандын оңдолушуна акча тапкан өкмөттүн жер көчкү жана зилзаладан жабыркагандардын абалын жеңилдетүү үчүн көңүл бурбай жатканы – анын башында турган адамга упай алып келбейт...