Бишкектеги Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде унаа сүзүп бейтапканага түшкөн Эрбол Мамажакыпов ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына окуучунун чоң энеси Айсулуу Калбаева билдирди.
"Неберемдин абалы турукташып, бейтапканадан чыктык. 10 күн убакыттан кийин кайра дарыланабыз. Бүгүн эртең неберемди Ысык-Көлгө алып кетсем деп жатам. Анткени адистердин айтымында, эртең менен эрте көл жээктеп басып, мээ сергитип эс алса, баланын ден соолугуна пайдалуу дешти. Ага чейин баламдын аман калганы үчүн тууган-урук, кошуналарды чакырып, мал союп, куран окуп түлөө өткөрөбүз. Азыр үй-бүлөдө баарыбыздын маанайыбыз жок. Массалык маалымат каражаттарына маек курууну каалабай турабыз", - деп билдирди Калбаева.
Айсулуу Калбаеванын айтымында, небереси менен жол кырсыгына кабылган Алимбек Сырановдун да абалы жакшырууда. Ал учурда тамак жеп, сүйлөп, башынын шишиктери кайтып калган.
"Неберем жол чырак кызыл күйүп, жөө жүргүнчүлөр өтүүгө уруксат болгондо өткөнүн айтып берди. Буга чейин ал окуяны эстей албай жатканын айткан. Өспүрүм балдарды сүзүп кеткен тараптан адамдар келип абалыбызды сурап койгон жок. Мас абалында унаа башкарган айдоочунун туугандары таасирдүү кызматтарда иштээри айтылууда. Биз тергөөнүн жүрүшүнө алардын таасири тиеби деп чочулап жатабыз. Ар ким колу менен кылганын моюну менен тартыш керек", - деп кошумчалады Калбаева.
Эске салсак, буга чейин 21-апрелде Бишкекте эки мектеп окуучусун жол чырактын жанынан сүзүп, токтобой качып кеткен окуя катталган.