Кечээ, 10-май күнү “Супер-Инфо” гезитинин редакциясында басылманын 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюн-утуштун кезектеги жеңүүчүсүнө белек тапшырылды. Талас облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Сульфия Мураталиеванын жеңеси Асел Молдалиева келип белегин алып кетти. Жоопторду туура тапкан Сульфия айымга байланышсак, ал мындай деди: "Суроолор жеңил эле болду. Спорт тууралуу суроолорго жумушумдагылар жардам берип жатышты. Бирок утуп кетериме ишенгем. 5 жылдан бери "Супер-Инфо" гезитин окуйм. Апам окуп бүткөн соң гезитти сактап коёт. Түркүн дүйнө, кеңеш жана шоу чөйрөгө байланыштуу макалаларды кызыгып окуйм. Тамак-аш тууралуу макалалар да жагат. "Супер-Инфодон" башка гезит окубайм. Жамаатыңыздарга ийгилик каалайм!"
Урматтуу окурман, 15 жылдык мааракеге арналган оюн-утуш кызуу уланууда. Сиз дагы катышып, белек утуп алыңыз! Оюн-утушка катышуу шарттарын "Супер-Инфо" гезитинен окуй аласыз.