Талантбек Батыралиев моралдык чыгым катары үч бирикмеден 3 миллион cом өндүрүү үчүн доо арыз жазды

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев “Акос”, “Кыргыз чоролору, “Шаик Ата” бирикмелерин сотко берди. Бул тууралуу 12-майда SUPER.KG'ге “Кыргыз чоролору” бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, министр аталган бирикмелерди "такталбаган маалыматтарды таратып, аброюма шек келтиришти" деп, ар биринен 1 миллион сомдон моралдык чыгым өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган.

"Бул тууралуу бизге кат аркылуу, Талантбек Батыралиевдин жактоочусу кабарлады. Ал "такталбаган маалыматтар менен менин үстүмөн ар кайсы инстанцияларга кайрылып, аброюма шек келтиришкени үчүн" деп, үч бирикменин жетекчисин, “Акос” бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Шаршембаев, “Шаик Ата” бирикмесинин жетекчиси Темир Султаналиев жана менден 1 миллиондон, жалпысынан 3 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү талап кылып сотко арыз менен кайрылыптыр”, - дейт Кубанычбек Дүйшеев.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган үч бирикме Батыралиевди коррупцияга күнөөлөп, аны министрликте өзүм билемдик кылып, жетекчи катары кадрдык маселени начар жүргүзүп жатканын, реформа жасай албаганын айтып, министрликтеги башка бир нече маселелерди көтөрүшүп, президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага , УКМКга кат жолдошкон. Андан сырткары Батыралиевди кызматынан кетсин деп, бир нече жолу митинг уюштурушкан. Натыйжада Батыралиевдин үстүнөн болгон кайрылуу боюнча КСДП фракциясынын жыйынында каралып, аталган маселени Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин трибунасында да көтөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kroxa
2017-05-12 16:44:41
Жакшы иштей албаса айтышты да..бет тырмарлык кылып кайра 3 миллион ондургону жатканын...бут акча менен ооруканага апабыз пенсионер 3-топтун майыбы жатса да ал дары жок бул дары жок деп баарын саттырып алып дары куйушту..таблеткаларын сатып келгиле дейт..анын эмнеси мамлекеттик оорукана болуп саналат??бекер койкагабы??баары акча билбейм пенсияга чыкпай калгандар ооруп калса кайда барат???мамлекеттен бир пайда жок..
+6
KGstan1981
2017-05-12 16:59:36
Атамбаевтик бийликтин оной арам акча табуу жолунун жаны ыкмасы.
+6
nargiz-sa
2017-05-12 18:18:17
Президенттин доо ондурмою биздин чиновниктер учун мода болуп калыптыр да
+3
Kubat.karagulov
2017-05-12 19:23:20
Беш тыйындык баркы жок абройлорун миллиондорго баалап биздин чоңдор көптү го.Миңди жүз миңди акча ордуна көрбөй калышты го
+4
frunze12
2017-05-12 21:06:17
3 миллион сом дооламай чиновниктер арасында модага айланганбы? Миллиондон баштайсынар, каяша айткандардын оозун жапканы коркутуунун жаны ыкмасын ойлоп таап. Сот албетте силердин пайданарга чечип берет, даже если Вы Не Прав (99% силердики туура эмес).


"Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" деген накыл кеп абдан туура да!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан