Бүгүн, 22-февралда Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев митингчилер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.
Чет өлкөдөн дарылар кымбат алынып келгенине байланыштуу айтылган нааразычылыктар боюнча буларды билдирди:
"Дарыларды жеке менчик ишканалар алып келет. Алардын баасын көзөмөлдөй албайбыз. Учурда бул жаатта тиешелүү мыйзам даярдалып жатат. Кабыл алынса, дарылардын баасын мамлекет көзөмөлдөй алат", - деди министр.
"Кандайча министр болуп калдыңыз?" деген суроого "мен бул кызматка өзүм келген жокмун. Бул суроону Жогорку Кеңешке берүү керек" деп айтып, медицина жаатында чет өлкөдө бир топ эмгектенгенин, илимий эмгектери бар экенин айтып өттү.
Катышуучулар министрден канааттандырарлык жооп ала алышпаганын айтып, "сиз көп нерсени билбейт экенсиз, иштей албасаңыз ордуңузду башка бирөөгө өткөрүп бериңиз. Биз кийинки жумада бул маселени дагы көтөрөбүз", - деп сүйлөшүүлөрдү жыйынтыкташты.