Тагдыр адамдын башына кандай гана сыноолорду салбайт?! Элинен бөтөн жерде жүргөн Исматтулла Сатаров аттуу мекендешибиздин Орусияга үй-бүлөсү менен барышына 19 жашар уулунун оорусу себеп болгон. Омурткасы бир жакка кыйшайып кеткен Илиязбек Сатаров 9 жашынан бери оору менен алышып келет. Атасы: "Уулум 10 метр басса эле дем алуусу кыйындап, эч нерсеге дарманы келбей калчу. Метролордо уулумду жонума көтөрүп алып, ооруканалап жүрчүмүн", - дейт.
Макаланын кенен вариантын "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санынан (№758, 12-май, 2017-жыл) таба аласыз.