Бүгүн, 12-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурорго “Азаттыкка” карата коюлган доо талаптарды кайтарып алуу маселесин кароону сунуштады. Маалыматты тараткан президенттик аппарат сотко арыздар берилгенден бери “Азаттык” бир тарапка тартпай калды деп белгиледи.
Эске салсак, Башкы прокурор Индира Жолдубаева үстүбүздөгү жылдын март айында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларын, “Азаттыкты” жана “Занозаны” өлкө башчынын кадыр-баркына доо кетирди деп сотко берген. Өндүрүлө турган доонун суммасы 23 миллион сом болуп, 10 миллион сом жактоочулардан, 10 миллион сом “Азаттыктан” жана 3 миллион сом “Занозадан” суралган. Президенттин баркын 23 миллион сомго баалоо буга чейин Кыргызда боло элек эле. Биринчи сындар жана таң калуулар толкуну өткөн соң башкы прокурор айымдан ажонун ар-намысын коргоо боюнча сотко дагы арыздар биринин артынан бири берилип, соттон суралган доо акылардын жалпы суммасы 50 миллион сомго чукулдап калган. Массалык маалымдоо каражаттарын миллиондоп сотко берүү эстафетасын президенттен КСДП алып улантып, 24.kg агенттиги менен укук коргоочу Рита Карасартованы сотко берип, ар биринен 1 миллион сомдон талап кылган. Алгач чочулоону жараткан бул доо арыздардын миллиондор көбөйгөн сайын баркы кетти. Жооп берүүчүлөрдүн ичинде массалык маалымат каражаттары, журналисттер, адвокаттар жана Чолпон Жакупова өңдүү укук коргоочулар дагы бар. Сот журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага жана Чолпон Жакуповага өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салып, аталган ММКлардын эсептерин камакка алып, жооп берүүчүлөрдүн үй-мүлктөрүн да камакка алган эле.
Мурунку депутат, укук коргоочу Чолпон Жакупова өз пикирин эркин билдирүү мүмкүнчүлүгү үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги кичинекей үйүн Алмазбек Атамбаевге берүүгө даяр экенин билдирген. Кечээ ал өлкө башчысына ачык кат аркылуу кайрылып, бир нече суроону кабыргасынан койду. “Жарандар өз пикирлерин эркин билдирүү укугуна ээ” деген Конституциялык укук качантан бери жоюлуп кеткендигин сурайт, укук коргоочу. Кайрылууда Жакупова башкы прокурор Индира Жолдубаевага кетирип жаткан кесиптик катачылыктарды бирден тизмелеп чыгып, “биздин өлкөдө качантан бери сезимдерди жана эмоцияны билдирүү мыйзам бузуу болуп саналып калды эле? Сиз соттун чечими аркылуу пикирлерди жоюп салам, сезимдерди токтотуп салам деп ойлойсузбу?” Ушундай суроо салды. Бир нече пункттан турган бул суроолорго президент тарабынан жооп боло элек. Бирок бүгүн ажонун “Азаттыкка” доосу жоктугун айтышы Ак Үйдүн 7-кабатына коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирлер акыры жеткенинен, муз ордунан козголуп эрий баштаганынан кабар берет.
Сөз эркиндиги жарандардын өз ой-пикирин эркин билдирүү укугу, коомчулуктун сыны адатта “ажыдаарга айлана баштаган же айланып кеткен” бийликке жакпайт. Ошондой учурда ар кандай шылтоолор менен коомдук пикирди түзүп жаткан лидерлерди, бийликтин оппоненттерин куугунтуктоо, кылмыш иштерин ойлоп таап камоо, жалданма пикир жазгычтар аркылуу каралоо, миллиондогон сумманы доолап сотко берүү өңдүү иштер башталат. Кыргыз башынан мындай күндөрдү өткөргөн. Ажыдаарга айланып кеткен бийлик бир эмес эки ирет элдик көтөрүлүштөр аркылуу куулган. Учурдагы президент ошол ажыдаарларды токтотууга активдүү катышкан саясий ишмерлердин бири эле. Андыктан Ак үйгө кирип ажыдаарга айланып кеткен журт башы тууралуу накыл кепти такай айтып, өзүнө андай болуп кетүүгө жол бербей тургандыгын такай белгилеп келген.
2010, 2011, 2012, 2013-жылдар өттү. Революциячыл партияларды артка калтырып Жогорку Кеңешке жеңиш менен келген реваншисттердин таасирин бийлик акырындап азайтып, өзүнүн позициясын бекемдеди. Бул иштерде парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жана Башкы прокурор Аида Салянованын ролу чоң болду. Ажо бийликте канча жыл, канча күн, канча саат отурарын санап айтып, ал мөөнөттөн бир күн да ашык отурбай тургандыгын, ал учур аралыгында эмне иштерди жасоого белсенип жатканын, эмне иштерди жүзөгө ашырарын айтып жүрүп отурду. Элдин жүрөгүндө өлкөнүн келечегине ишеним пайда болду. Бирок 2016-жылдан тартып абал өзгөрдү. Алмазбек Атамбаев дагы өзүнөн мурдагы эки президенттин салтынан алыс кете албай, 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деп кабыл алынган Баш мыйзамды өзгөртмөкчү болду. Буга каршы чыккан үзөңгүлөштөрүн кескин сындап кирди. Ал эле эмес, 2010-жылдагы революциядан кийин өлкөдөгү абалды убактылуу колго алган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн сындап, кайсы бир кылмыштар боюнча кыйыр эскертүү берип, өткөөл учурдагы президент Роза Отунбаеванын легитимдүүлүгүнө суроо жаратты. Бийлик башындагылар менен кечээ гана пикирлеш болуп жүргөндөргө ар кандай иштер боюнча кылмыш иштери ачылды. “Асмандан келип түшкөндөй” Белизгейт өңдүү иштердин чуусу катуу башталып, аягы кумга сиңип жок болду. Өмүрбек Текебаев камакка алынды. Революциячыл бийликтин коррупция менен күрөшүүсүндө камчы болуп шилтенип берген мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага кылмыш иши козголду. Кечээги пикирлештерге кылмыш иштерин ачуу, камоолор, ал окуяларды баяндап элге жеткизип жаткан массалык маалымат каражаттарына каршы миллиондук доо арыздар сотко бериле баштады. Ошентип "революция өз балдарын жеп тынат" деген сөз Кыргыз өлкөсүнүн мисалында дагы бир ирет тастыкталганы калды. Бул окуяларды күзөтүп турган коомчулукта “ажыдаарга айланбайм дечү эмес беле?" - деген тымызын суроо жаралды.
Өлкөнүн бир нече жылдык аракети текке кеткени жатканын, Кыргыз өлкөсү демократиялык жолдон акырындап тая баштаганын бийликтин оппоненттери эле эмес, эл аралык көз карандысыз уюмдар да айтып, отчётторунда белгилей башташты. Бийликте бул коңгуроого кулак салган адам барбы? Мына ушул суроо жаңырып турган маалда өлкө президентинин “Азаттыкка” доом жок деп, арызды кайтарып алуу сунушу үмүт отун жандырды.
Учурда интернетте “албарсты мени басты, анан мен аны бастым” деген тамашалуу ыр популярдуу болууда. Жөн гана тамаша катары көрүнгөн бул ыр бүгүнкү күндө олуттуу иштердин деле өзөгүн көрсөтө алат. Ак үйдү байырлаган ажыдаар 2016-жылдын ортосунан тартып Атамбаевди басса, эми Атамбаев кайрадан аны бастыбы деген үмүт пайда болду.
Атамбаевдин ажыдаарга айланбастыгы бир нече иштер аркылуу далилин тапса болот. Мисалы, ажодо буга чейинки көп жылдык күрөшүн жокко чыгарбай, сөз эркиндигин туу туткан принцибин калыпка келтирүү мүмкүнчүлүгү бар. Көп чуулгандуу иштер менен атагы чыккан аферисттерге, кылмышкерлерге ишенбей бир кездеги пикирлеш, үзөңгүлөштөрү Өмүрбек Текебаев өңдүү саясатчылардын тарых алдында мыйзамдуу акталуусуна шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүгү бар. Конституциянын мүчүлүштүктөрүн дагы бир ирет, калктын кеңири катышуусунда карап чыгып, чыныгы демократиялык Баш мыйзамдын түптөлүшүнө шарт түзө алат. Мыйзамга карата кош стандарттуу мамилени жоюп, өзүнүн тегерегинде жүргөн чиновниктерге коомчулук тарабынан коюлуп жаткан кинелерди акыйкат териштирип, коррупциялык иштерге тиешеси барларынан тазаланууга да мүмкүнчүлүгү бар. Мына ушундай аракеттер элдин бийликке болгон ишенимин кайтарат...
Бир нече адамдын өмүрүн алып, жүзгө чукул үй-бүлөнү турак жайсыз калтырган табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда, алардын алдын алууда өкмөт чабалдык кылды. Алгач, калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кетирилген шалаакылыктарды моюнга алгысы келбеген мамлекеттик кызматтар жоопкерчиликти жабырлануучуларга шылтап кутулмакчы болушту. Өзгөн районунун Аюу айылында топурак астында калган 24 жаранды “көчкүлө” деген эскертүү берилгенине карабай өздөрү көчпөй коюшкан деп айыптоо жүргүзүлдү. Атүгүл көчкү баскан 11 үйдүн үчөөсүнө ссуда берилгендиги тууралуу маалымат да мамлекеттик ЖМКлардан байма-бай берилди. Өлкө башчысы “жаныңардан да, балаңардан да малыңар артыкпы?” деп жер астында калгандарды жемеледи. Эл ыйлады. Жер астында калгандарды таап чыгууга бир жума аракет кылды. Акыры ошол жерди мүрзөгө айлантып, деми сууп отуруп калды.
Өкмөттүн тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү Аюуда далилденбей калганы менен, башка айылдардагы кырсыктар кемчиликтер бар экенин ачыктады. Ушул эле райондун Жалпак-Таш айылындагы 45 үйдү жер көчкү басып калды. Үйлөр менен катар ФАП, мечит, атүгүл жаңы гана курулуп бүткөн спорт залы да бар. Көчкү жүрө турган жолго, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен спорт зал курууга кимдер жол бергени эми иликтенилиши зарыл. Коомчулуктун бир нече күндөн берки сынынан кийин өкмөт кемчиликтерди моюнга алууга аргасыз болду. 12-майда өкмөттө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жыйын өттү. Анда өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктуу органдар жер көчкү түшкөн айылдарга эскертүү берүү менен чектелип, ал үйлөрдү коопсуз жерге көчүрүүнү көзөмөлдөгөн эмес деп белгиледи. Премьер-министрдин сынына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гана эмес, Каржы министрлиги да туш болду. Ал табигый кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу иштери үчүн берилсин деген каражатты Каржы министрлиги марттан бери бөлүп бере электигин сынга алды. Премьер-министр бүгүн мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы Бакыт Жумашевди кызматтан алуу сунушун дагы берди. Жыйындардын болгону жакшы. Бирок элге азыр чукул чаралар, чукул жардам керек. Мисалы, Өзгөндүн Жалпак-Таш айылынын эли кырга тигилген чатырларда, көчкү улам жылып биринин там-жайын басып калганын аргасыз карап отурат...
КСДП фракциясы бүгүн депутат Жылдыз Мусабекованын жоругун карап, жыйынтык чыгарган жок. Фракция жетекчиси Иса Өмүркулов “депутат сыркоолоп жумушка чыкпагандыктан маселени караган жокпуз”, - деп билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты менен журналист кыздын телефондо сүйлөшүүсү коомчулукка жарыялангандан бери 10 күндөн ашык убакыт өттү. Бийликтеги партиянын өкүлүнүн журналистти коркутуусу, криминалдык элементтер менен жакындыгын моюнга алуусу, жөн гана коркутуп тим болбой журналисттин намысына, ден соолугуна чоң зыян тийгизерин айтуусу элди катуу ирээнжиткен. Мусабекова алгач бул маселенин чын-бышыгын иликтегиси келген журналисттерге дагы маданиятсыздыгын көрсөтүп, “эмне, башка кылар ишиңер жокпу, Американы ачтыңарбы?” - деп опурулган эле. Кийинчерээк, сүйлөшүүнүн аудиожазуусу элге жайылып кеткенде “сүйлөшкөнүм чын, бирок монтаждап салыптыр”, - дей баштады. Журналист Үпөл Анаркулова “монтаж эмес” дейт. Аудио жазуунун монтаждалгандыгы азырынча далилдене элек. Шайлоочулардын таламын талашып, сөз эркиндигин коргоо аракетин колдоого алып, бийликтин туура эмес кадамдарын сынга алган депутат Жанар Акаевди фракциядан чыгарууга чогулган партиянын саясий кеңеши, КСДПнын абийирин төгүп жаткан бул окуяга реакция жасаган жок. Бийликтеги партиянын аброюна шек келтирген бул окуянын жыйында каралып, жыйынтык чыгарылбай жатканына караганда КСДП фракциясы депутаттын жоругуна “шок” болгон боюнча өзүнө келе элек...