Ноокен районунда 20дан ашык окуучу эс-учун жоготуп, ооруканага түштү

Ноокен районунун Тоскоол айылында 20дан ашык окуучу сабак учурунда эс-учун жоготуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда жергиликтүү тургун SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, окуучулар эмнеден улам эс-учун жоготушканы белгисиз.

Бул тууралуу Ноокен райондук оорукананын башчысы Шамшидин Абдирешовго байланышка чыкканыбызда, ал маалыматты тастыктады.

"Окуя кечээ, 12-майда болгон. Азыркы тапта ооруканада 5-класстан 10-класска чейинки 25 бала жатат. Абалдары жакшы. Алдын ала божомол боюнча, окуучулар сууга ууланышкан. Анткени алар чоргосу жок челектен кружка менен суу ичишет экен", - дейт Абдирешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
madina.87
2017-05-13 09:03:32
Ошо сууну тез тез алмаштырып жанылап турса ушу иш болмок эмес!
+3
bond02
2017-05-13 09:17:09
Сууга ууланганды 1чи жолу угушум.
-2
futboler
2017-05-13 10:52:12
bond02,сууда вирус, бактерия болсо жугат да
+3
Izdeim_seni.
2017-05-13 09:46:59
Таза суу пргораммасына миллиондогон акчалар болунот. Кайла кетип атат ошол акчалар? Суудай болуп жерге синип кеттиьи??? А элдер кир чакадан суу ичишет.
+8
AKCHA
2017-05-13 10:54:44
Ошондо суу эскирип калганбы же кандай...
+1
Kroxa
2017-05-13 12:16:47
Суудан эскирсе жыт пайда болот балыр пайда болот ичкенге балким составында ууланчу зат бардыр жерден чыккан сууну бизде текшербей эле ичкенге пайдалана беребиз да..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан