Дүйнө жүзүндөгү эң ири социалдык тармак болгон Фейсбуктун негиздөөчүсү, жетекчиси, программист Марк Цукерберг 1984-жылы 14-майда АКШнын Уайт Плейнз шаарында туулган.
Марк Цукерберг "Forbes" журналындагы "эң бай 400 адам" рейтингдеги эң жаш байлардын бири. Ал 24 жашында эле 1,5 миллион АКШ доллар иштеп тапкан. Ал 2004-жылы Faсebook социалдык түйүнүн ойлоп тапкан. Алгач Гарварддын студенттери үчүн ачылган бул сайт бара-бара MySpasе'тeн кийинки эле орунга чыккан. Faсebook сайты 15 миллиард доллар деп бааланса, компаниянын 27 пайыз акциясына ээлик кылган Марктын байлыгы 4 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2013-жылы кайра эле "Forbes" журналы изилдөө жүргүзүп, 19 миллиард АКШ доллары менен Марк Цукерберг алдынкы 20 бай адамдын катарына кирген.
Цукерберг жубайы Присцилла Чан менен Гарвард университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Эки жаш 10 жыл сүйлөшүп, 2012-жылдын 19-май күнү баш кошушкан.
Ал эми 2015-жылы түгөйлөр тун кыздуу болушуп, ага Максима деген ысым ыйгарышкан.