Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыздын намысын талашкан 7 спортчудан Камолиддин Есиддинов гана калды

Кечээ Ханты-Мансийскте бильярддын ыкчам пирамида түрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда 1/8 финалчылар аныкталды. Мыкты 16 кий чеберинин катарына Кыргызстандан Камолиддин Есиддинов гана кире алды. Ал 1/16 финалда чехиялык Гагик Арутюнандын үстүнөн 5:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишкен. Эми мекендешибиз саналуу мүнөттөрдөн кийин чейрек финалга чыгуу үчүн орусиялык Леонид Швыряевге каршы беттешин баштайт.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан