Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков кыргыз күрөшү боюнча Ормон хан атындагы эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын балбандары катышты.
Депутат жеңүүчүлөрдү куттуктап, турнирди уюштурууга колдоо көрсөткөн тараптарга, анын ичинде атайын конок катары чакырылган белгилүү балбан Айсулуу Тыныбековага ыраазычылык билдирди.
“Улуттук спортубузду өнүктүрүүгө салым кошо берели. Кыргыз күрөшүн кеңири жайылтууга көмөк көрсөтүп, эл аралык аренада өлкө намысын коргоп келе жаткан бардык балбандарга ийгилик каалайм”, - деди Адилет Белеков.