Microsoft компаниясынын президенти Брэд Смит 150 өлкөгө болгон кибер чабуулга атайын кызматтардын компаниялардын начар жерлери тууралуу чогулткан маалыматтары себеп болгонун өзүнүн блогунда жазып чыкты.
WannaCry вирус программасын америкалык улуттук коопсуздугу чогулткан маалыматтардын уурдалышы менен байланыштырат Брэд Смит.
"Биз буга чейин Борбордук чалгындоо башкармалыгы чогулткан маалыматтар "Викиликске" чыгып кеткенин көрүп калганбыз. Учурда америкалык улуттук коопсуздугунан уурдалган маалыматтар дүйнө жүзүндөгү колдонуучуларга зыянын тийгизди", - деп жазган Смит. Анын ою боюнча, буга окшогон программалардын алсыз жерлери тууралуу маалымат компаниялардын өзүлөрүнө берилиши керек.
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө чабуулдан чоң жоготууга учурабаганын пресс-конференцияда билдиргенин Риа Новости басылмасы жазып чыкты.
"Бул кооптуулуктун булагын, менин оюмча, Microsoft жетекчиси түз эле атады. Вирустун баштапкы булагы АКШнын атайын кызматтары экенин айтышты, Орусиянын бул жерде катыштыгы жок", - деген Владимир Путин.
Эскерте кетсек, 12-майдан тарта кибер чабуул уюштурулуп, 150 өлкөнүн 200 миң колдонуучусуна зыянын тийгизди.