БШК: “Президенттик шайлоонун мөөнөтү 15-октябрга жылдырылса 1-декабрга чейин шайлоонун жыйынтыгын аныктаганга мүмкүнчүлүк болот”

Бүгүн, 16-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда президенттик шайлоонун мөөнөтүн 15-октябрга жылдыруу жазылган. "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов 15-октябрда шайлоо өтүп калса, Борбордук шайлоо комиссиясы натыйжаны аныктоого жетишеби деген суроо берди. "Экинчи тур, соттук доо болуп калса БШК жетишеби? 1-декабрда инаугурация өткөрө аласыңарбы", - деп кайрылды.

Анда БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзам долбоору жактырылып, президенттик шайлоо күнү 15-октябрга жылдырылса 1-декабрга чейин шайлоонун жыйынтыгын аныктоого үлгүрүшө турганын белгиледи.

Эске салсак, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары президенттик шайлоону 27-августта өткөрүү сунушун айтышкан. Алар президенттик шайлоо экинчи тур менен өтүп калса, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 6 жылдан ашып кетерин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан