Депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы коркутуп, мазактаганы боюнча расмий кат келип түшсө маселени президенттик аппарат карайт. Бул тууралуу 16-майда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов билдирди.
Журналист Үпөл Анаркулова 12-майда "КСДП фракциясынын өкүлү Жылдыз Мусабекованын журналистке карата мыйзамды тебелеп, зомбулук мамилесине өзүңүздөр баа берсеңиздер. Анын “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алгандыгы жана өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы айылдык китепканага анын аты ыйгарылгандыгы маалым. Элди каалагандай калчагысы келген мындай маданиятсыз, тарбиясыз жана зордукчул адамдын мындай маданий наамдарга ээ болушунун өзү ал наамдарды шылдыңдагандык деп эсептейм", - деп президент, ЖКнын төрагасы, парламенттеги Этика жана регламент боюнча комитет жана маданият министрине кайрылуу жасаган.
Айта кетсек, өткөн аптада КСДП фракциясында депутат Мусабекованын журналист кызды коркутуп, мазактаганы боюнча маселе каралары күтүлүп жаткан. Бирок эл өкүлү жыйынга келген эмес.
Апрель айынын соңунда Интернетке Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына: "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Албетте, бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат", - деп билдирген. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова "сүйлөшүү телефонго түз жаздырылган, монтаж эмес" деп жатат.