Жогорку Кеӊештин депутаты Жылдыз Мусабекова журналист Үпөл Анаркулованы телефондон сөкпөгөнүн айтат.
Интернетке тараган аудиожазуу тууралуу депутат Мусабековага байланышканыбызда анын үстүнөн атайын каралоо жүрүп жатканын билдирди.
“Азыр технология өнүккөн заман. Маалыматты каалагандай кылып бурмаласа болот. Менин Үпөл менен сүйлөшкөнүм чын. Бирок акарат кылып, сөгүнгөн сөздөрдү айткан эмесмин. Бул атайын КСДПга карата жасалып жаткан кезектеги каралоо иши. Үй-бүлөмдүн, элимдин астында жүзүм жарык”, - деди депутат.