Ош шаарында сейил бактагы аттракциондон кулап ооруканага түшкөн бейтаптардын абалы турукташууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кылыч Мамашарипов билдирди.
"Бүгүнкү күндө бейтапканага түшкөндөрдүн абалы жаңы келгенден бери жакшырып баратат. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптын абалы турукташып калды. Аны эртең, 17-майда жалпы палатага которууну пландаштырып жатабыз. Ал эми палатада жаткандар 10-12 күндүк дарылануудан кийин чыгарылышы мүмкүн. Бирок азырынча качан чыгары белгисиз", - деп билдирди Мамашарипов.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарындагы "Жеңиш" сейил багында аттракцион кулап, андан жабыркаган 5 жабырлануучу шаардык ооруканага жаткырылган.