Бүгүн, 18-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз жаштарына чет өлкөнүн ЖОЖдорунан бөлүнгөн гранттык орундар чиновниктердин балдарынан артпай жатат. Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев Венгрия мамлекети бөлгөн 25 орунга Билим берүү министрлиги сунуштаган абитуриенттер жалаӊ чиновниктердин балдары экенин айтып чыкты. Тизмеден парламенттин депутаты Мурадыл Мадеминовдун кызын, аталган министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун, министрликтин бөлүм башчысы Марат Усупбековдун кыздарын көрүүгө болот.
Албетте, чиновниктердин балдары деле сынакка катышып чет жерден окуу мүмкүнчүлүгүн утуп алышы мүмкүн. Бирок 25 орунга тандоо канчалык адилеттүү өттү, маселе ушунда. Акаевдин “жүздөгөн абитуриенттердин документтери Венгрия тарапка жөнөтүлбөй калган” дегени да көп нерседен кабар берет. Мурадыл Мадеминов “өкмөт жакшы иштеп жатат, болгону аны оппозиция көргүсү келбейт. Эл айтты, Лейлекте экономика өнүгүп жатыптыр” деген депутат. Убагында Өмүрбек Текебаевден “кошоматчы” деген жеме укканы менен белгилүү. Парламентте көбүнчө бийликтин, өкмөттүн таламын талашкан депутат катары таанымал. Балким, дал ошондой эрдиги үчүн жогорудагыдай “үй-бүлөлүк ийгиликтер” жылмайып жаткандыр. Кыргыз жериндеги ЖОЖдордун билим берүү сапаты, андагы коррупция дайым талаш жаратып келе жатат. Сапаттуу билим алууну, Оксфорд, Кембридж өӊдүү атактуу университеттерден билим алууну эӊсеген, билим деңгээли, аракети жетиштүү бирок таанышы же чиновник ата-энеси жок жаштар көп. Четтен окууга каржылык мүмкүнчүлүгү жок, колдоого муктаж жаштарга жогорудагыдай бекер орундар жакшы мүмкүнчүлүк эле. Эгер адилет тандоо жүргүзүлсө... Былтыр Жанар Акаев чет өлкөдө окуп жаткан Кыргыз студенттеринин окуу акысынын 50 пайызын мамлекеттин эсебинен төлөөнү сунуштап, бирок колдоо тапкан жок. Көрүнүп тургандай, чет өлкөдөн бекер билим алуу мүмкүнчүлүгү дагы эле чиновниктердин, тааныш-билиши күчтүүлөрдүн балдарынан артпай жатат. Ачуу чындыкты Акаев, Шыкмаматов, Салянова өӊдүүлөр гана айтып-деп, адатта өкмөттү түзгөндөр унчукпайт. Аларга мындай мүчүлүштүктөрдөн мурда реалдуулукта байкалбай жаткан "экономикалык өсүштөр" гана көрүнөт...
Жогорку Кеӊеште депутат Канат Исаевге ачылган кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. 9 депутаттан турган комиссия “коррупцияга” шектелип жаткан депутатка карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуу же саясий куугунтук экендигин тактап чыгышы керек. Депутаттык комиссиялар ишинин өтөсүнө чыгып жатабы?
Расмий маалыматка таянсак, 2010-2015-жылдары парламентте 45 депутаттык комиссия түзүлгөн. 2015-жылдын ноябрынан бери азыркы парламент 10дон ашык комиссия түздү. Алардын ичинен Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 37 миллион доллар жумшалышын текшерүү, 2017-жылдын январында Бишкектин четине кулаган учактагы жүктүн чоо-жайын, тегин аныктоо, парламенттин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Саляновага ачылган кылмыш иштери сыяктуу олуттуу иштер боюнча түзүлгөн комиссиялар ишинин аягына чыга элек. Исаев боюнча түзүлгөн комиссиядан деле кырдаалды өзгөртүп жиберүүчү корутунду чыгарат деп күтүү кыйын. Соӊку окуялар көрсөтүүдө: бийликтин Текебаев жана анын командасына каршы басымы депутаттык комиссиялардын ишине тикелей таасир этүүдө. Бул нерсе 2010-жылкы мародёрчулукту иликтеген депутаттык комиссиянын отчётунда оркоюп даана көрүндү. Кыскасы, депутаттык комиссиялардын жыйынтыктарынан натыйжа чыгарына ишеним жоголуп бара жатат. 4 айдан бери кулаган Боинг эмне максатта конмокчу болгонун, күйүүчү май куюу үчүн буга чейин да конуп жүргөн болсо, аны тастыктаган документтерди, эгер жүк түшүрүүсү керек болсо ал мыйзамдуу каттоого алынчу беле жана башка суроолорго жооп таба албаган депутаттык комиссияга коомчулук кандай ишеним артышы мүмкүн?..
Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары баӊгизат менен кармалып, кызматтан айдалды. Жалал-Абад шаарында атайын операцияда 2 жаран колго түшүп, алардан 4,7 килограмм баңгизат табылган. Кармалгандардын бири Ала-Бука РИИБинин башчысынын орун басары, экинчиси "Коррупцияга каршы" аттуу жарандык кыймылдын мүчөсү.
Мындайды кыргызда "карышкырга кой кайтартып" деп айтат. Кылмыштуулук менен күрөшүп, элдин коопсуздугуна кам көрүүчүлөр өздөрү кылмышкерлердин арасында жүрүшү ого бетер коркунучтуу. Жакында Бишкекте 2 милиция кызматкеринин жөн жай эле бир жигитти сабап салышы да ушул сыяктуу эле окуя. Формачандар кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап жарандардан пара талап кылган, опузалап коркутуп-үркүткөн, тапанчасын кызматтан тыш пайдаланып чуу салган окуялар көп эле кездешет. Мындай фактылар Ички иштер органдары реформага, тазаланууга муктаж экендигинин белгиси. Ал реформанын карааны көрүнө элек...