Ошто кулаган карусель 26-апрелде текшерүүдөн өтүп, аны оңдоо тууралуу корутунду чыкканы аныкталды

Ошто кулаган карусель 26-апрелде текшерүүдөн өтүп, аны оңдоо тууралуу буйрук берилгени аныкталды. Бул тууралуу Шаардык курулуш жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына билдирди.

"26-апрелде аталган парктагы 18 аттракцион "Expert Holding" ишканасынын кызматкери Николай Воронин тарабынан текшерүүгө алынган. Ал "Цепочка" жана "Викинг" аттракциондорун оңдоо керектиги тууралуу корутунду чыгарган. Ворониндин текшерүүгө тиешелүү документтери бар экени белгилүү болду", - деди Исраилов.

Эскерте кетсек, "Жеңиш" сейил багы 2016-жылдын 6-февралында "Балдар келечеги" жоопкерчилиги чектелген коомуна 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Буга чейин Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын өнөр жай коопсуздугу секторунун башчысы Таалайбек Айдаркулов Ошко Бишкектен белгисиз бир адам барып, "эч кандай коркунуч жок, аттракциондорду иштете берсе болот" деп уруксат кагазын жазып бергенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
solntse95
2017-05-18 20:27:56
Кайра бир жолу текшерип коюшса болбойт бекен эле?!
+2
fanatkg
2017-05-18 21:55:53
Жеңиш эмес Навои
-7
Bahira
2017-05-18 22:48:54
fanatkg,Навои дейсинда ошо кыргызча ысым берилгенине суйунуп эле Жениш дей берда катасын ондобой эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан