КҮНСЕРЕП: КСДП жаш кыздарды "10 эркекке салып берем" деп коркутуучу депутатына жаза таппай жатабы?

Бүгүн, 19-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын соту болду. Сотто аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Иш 1-июндан тартып каралат. Эске салсак, Садыр Жапаров 25-мартта Кыргыз-Казак чек арасынан өткөндө УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. 26-мартта Бишкектеги №1-тергөө абагына кармоо боюнча сот чечим чыгарган. Садыр Жапаров камакка алынган күнү анын миңдеген тарапташтары УКМКнын алдында митингге чыгып, күч түзүмдөрүнүн калың кордону менен тирештин аягы нааразычылык акциясына чыккандарды чилдей кууп таратуу, активдүүлөрдү бирден терип кармап кетүү менен аяктаган. Камакка алынган 105 адамдын көпчүлүгү 2 суткадан 5 суткага чейин камалса, 12 адамга административдик айып салынган. Ал эми 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Жапаровдун уулу Рустам дагы бар. Кармалгандардын энелери "мыйзамсыз кармалып, ур-токмокко алынган балдарыбызды бошоткула" деп Ак Үйдүн алдында митинг өткөрүп, кайрылууларды жазып, бирок үндөрү тагдырды чечүүчү адамдарга жеткен жок. Бул арада УКМК тарабынан Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Ага “өлтүрөм деп коркутуу, ээнбаштык, барымтага алуу, жана бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон эле. "Коррупция" боюнча айыпталган депутат Өмүрбек Текебаевдин иши да Башкы прокуратурага жиберилди. Жактоочулар кылмыш иши боюнча материалдар менен таанышууга убакыт жетишсиз болгонун айтып чыгышты. УКМК көрүнүктүү эки саясатчы боюнча ишти эртерээк соттон өткөрүп, чекит коюуга аракет кылууда. Мындай жагдайда Текебаев дагы, Жапаров дагы президенттикке талапкерлерди каттоо башталганга чейин соттолуп калышы мүмкүн. Албетте, жактоочулар процессти мүмкүн болгон бардык жолдор менен чоюуга аракет кылышат...

Журналист Үпөл Анаркулованы "10 эркекке салып берем" деп коркутуп, мазактаган депутат Жылдыз Мусабекова бүгүн дагы фракция жыйынына келген жок. Эл өкүлү ооруп жатат деген шылтоо менен депутаттын жаш кызды мазактап, коркутуусу боюнча фракция дале жыйынтык чыгарбады. Эске салсак, Интернетке Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутуп, мазактаганы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген. Бирок аудиожазуунун монтаждалганы далилденген жок. Коомчулук андай коркутуу болгонунан күмөн санабай деле калды. Коркутууга кабылган Үпөл Анаркулова депутатка чара көрүүнү өтүнүп президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Азырынча булардан да жооп боло элек. КСДПга көлөкө түшүрүп жаткан депутат боюнча кайрылууга бийлик өкүлдөрү тарабынан реакция болбогону, жумшак айтканда таң калычтуу...

Баткенде жети окуучу химиялык затка ууланып, ооруканага түштү. Алардын баары 7-класста окуган кыздар. Окуучулардын бири танапис учурунда көчөдөн таап алган затты күйгүзүп, эки сааттан кийин кээ бир окуучулардын башы ооруп, дем алуусу кыйындап, жети окуучу ооруканага жеткирилген. Алардын үчөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Окуя боюнча Баткен райондук милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Окуучулар өрүктү ыштоодо колдонула турган алтын күкүрткө ууланганы маалым болду. Мектептин директору окуя бир окуучунун тентектигинен улам чыкканын айтат. Бул окуя окуучулардын мектептеги коопсуздугуна жетиштүү көңүл бөлүнбөй жатканын көрсөттү.

Бир апта мурун Ноокендеги Тоскоол айылында мектеп окуучулары арасында массалык уулануу катталган. Белгисиз затка уулангандардын санын жергиликтүү тургундар 48 дешсе, Саламаттыкты сактоо министрлиги 32 окуучу деп таратты. Балдар эс учун жоготуп, кусуп ооруканага жаткырылган. Алгач окуучулар суудан ууланышкан деген божомолдор айтылган. Бир канча күндөн бери так диагноз коюлбаганы парламентте да айтылды. Депутат Айтмамат Назаров министрликке "так диагноз коё албасаңар эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылалы" деп какшык аралаш сунуштады. Окуя болгон жерге барган министр Талантбек Батыралиев "Ноокендеги окуучулар коргонуу үчүн колдонуучу газга ууланган болушу мүмкүн" деген божомолун айтты. Муну ал газ баллондон уулангандагы белгилер кандан чыкпай турганы менен түшүндүрдү. Ал эми мугалимдер балдардын эс учун жоготуп, деми кысылганы күн нурунан болушу мүмкүн деген ойду айтып жатышат. Бүгүнкү күндө ууланган окуучулардын баары ооруканадан чыгарылды. Бирок уулануунун себеби аныкталбады. Ууланган окуучулар боюнча жергиликтүү тургундар райондун акимине, прокуроруна, ички иштер башкармалыгынын, санитардык эпидемиологиялык станциянын, билим берүү бөлүмүнүн, оорукананын башчыларына арыз жазышкан. Саламаттыкты сактоо министринин көзөмөлүндөгү ууланууга так диагноз коюлбай жатканы Кыргыз медицинасы эпидемиялык оорулар менен күрөшүүгө эч кандай даярдыгы жогунан кабар берет.

Массалык уулануу жакында эле коңшу Өзбекстандагы Андижанда катталды. Анда жергиликтүү кафеден балмуздак жеген 1500дөн ашуун адам ууланган. Эки жүз адам ооруканага жаткырылса, көпчүлүгүнө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыздын аймагында мындай окуя болбойт деген кепилдик жок. Массалык уулануулардын алдын алуу үчүн тез тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынуусу шарт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан