Журналист кызды "10 эркекке салып берем" деп коркутуп, мазактаган депутат Жылдыз Мусабекова бүгүн дагы КСДПнын фракция жыйынына келген жок

КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы коркутуп, мазактаганы боюнча маселени бүгүн дагы караган жок. Бул маселе бүгүнкү күндүн тартибине киргизилгени маалымдалган эле.

Фракциянын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына билдиргендей, Мусабекова ооруп тамчылатма дары алып жаткандыгына байланыштуу жыйынга келбей калган. Мусабекова кийинки жыйынга келсе маселе карала турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Интернетке Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына: "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Албетте, бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат", - деп билдирген. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.

Фракциянын мурунку жыйынында Мусабекова ооруп жыйынга келбегени үчүн бул маселе каралган эмес. Андан кийин Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан