Бужум мектебинин директору: "Бир окуучунун тентектигинен класстагы 21 окуучунун 7өөсү ууланды"

Баткен районунун Бужум айылындагы Бужум мектебинде бир окуучунун тентектигинен класстагы 21 окуучунун жетөө ууланган. Бул тууралуу аталган мектептин директору Таштемир Тагайбеков билдирди.

"Окуя кечээ, 18-майда 15:10дор чамасында болгон. 7-класстын окуучусу белгисиз затты таап алып терезеге күйгүзүп көргөн. Жаман жыт ошондон улам пайда болгон, жалын түтүн чыккан эмес. Окуучулар жытты сезип эшикке чыгышкан. Мен барсам, өрүк дарылаганда колдоно турган күкүрттүн жытына окшош жаман жыт чыгып жатыптыр.

Окуяны тактап жаткан учурда айрым окуучулардын көңүлдөрү айланып, өздөрүн жаман сезе баштаганынан, аларды сыртка алып чыктым. Мектептин ашканасына барып нашатырь спиртин жыттаттык. 7 кыздын абалы начарлай баштады, аларды мугалимдери менен чогуу борбордук ооруканага алып бардык”, - деди ТаштемирТагайбеков.

Мындан сырткары ал ооруканага барбаган окуучуларды медицина кызматкерлери менен чогуу үймө-үй кыдырып чыгышкандыгын, ооруканада дарыланып жаткандар да жакшы болуп калгандыгын кабарлады. Дарыгерлер бир-эки күндө ооруканадан чыгарышарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madiyar1
2017-05-19 19:13:34
Бужум хит болупсунарго
Ор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан