Алгачкы робот-полиция кызматкери Дубайда ишке кирди

Алгачкы Робокоп (Robocop) аттуу робот-полиция кызматкери расмий түрдө Дубайдын полиция кызматынын курамына алынды. Бул тууралуу кечээ, 21 -майда "Arabian Business" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта анын боюнун узундугу 170 сантиметр, салмагы 100 килограммды түзөрү айтылат. Робот эмоцияны аныктагыч менен жабдылгандыктан 1,5 метр алыстыкта турган адамдын жүзү, кыймыл-аракети кандай экенин биле алат. Муну менен ал тартип бузуучуларды, кылмышкерлерди аныктайт.

Робот жергиликтүү жайда навигатордун жардамы менен багыт алып, 6 тилде, анын ичинде англис жана араб тилдеринде сүйлөшө алат. Жарандар ал аркылуу кызмат акыларын да төлөй алышат.

Шаар көчөлөрүн жана соода жайларын күзөтүп жүргөн Robocop тиешелүү видео жазууларды тартып, аны менен тартипти коргоо кызматкерлерине кылмышкерлерди табууга жардам берет. Дубай полиция кызматы билдиргендей, робот коомдук жайларда адамдарга жардам берүүгө, тартип бузгандарга чара көрүүгө жана шаардын коопсуздугун сактоого үндөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ekaterinburg
2017-05-22 08:19:00
Шумдугун кургур!Илгери кинодон эле корчукпуз мындайды...Суроту жок бекен ээ?
+7
aerforce
2017-05-22 08:38:40
Робот пара албай ит кылат экенда эми
+19
salimbek87.kg
2017-05-22 09:29:15
aerforce,биздин чондор роботду да алдайт.
+5
aibars
2017-05-22 08:48:34
Тангалбай деле калдым бул жакта баары жасалып жатат. Кочолордо баары камера кынк эткенин тартылат. Ошон учун коркпой журо бересин, эл коп жургон жерге телефон, акча таштап кетсен эч ким тийбейт.
+8
Tyty1990
2017-05-22 09:02:59
ХХХ дүнүйө. Эмне деген заман
0
aryn
2017-05-22 10:17:56
Япондор робот-полицейский ойлоп чыгарышыптыр дагы, Америкага алып барышыптыр. Робот беш кундо он ууру кармаптыр. Анан Россияда беш кундо беш ууру кармаптыр. Кыргызстанда робот беш кун туруп, беш кундон кийин роботтун озун уурдап кетишиптир.
+10
aibars
2017-05-22 10:21:35
aryn, кулдуросунда боорду эзип.
+2
vavilon.
2017-05-22 10:31:58
Жакшы жанылык
+2
Ronaldo.99
2017-05-22 20:02:02
Ээххх Дубай,Дубай
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан