ЭЛДИК КАБАР: Адам өлтүрүү боюнча соттук отурумга прокурор кичинекей кызын ээрчитип келди

Адам өлтүрүү боюнча соттук отурумга прокурор кичинекей кызын ээрчитип келди. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

"Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда адам өлтүрүү кылмыш иши боюнча материал каралып жаткан. Мамлекеттик айыптоочу соттук ишке катышып, өзүнө тиешелүү болгон кылмыш тууралуу айтып берип жаткан. Ошол эле маалда катарындагы отургучта 6-7 жаштардагы кызы кошо отурган, кийинчерээк кичинекей кыз отурган жеринде уктап калган. Прокурор "апасы үйүндө жок болгондуктан кызымды карап турууга эч ким жок, жумушума алып келгем" деп түшүндүрдү", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Прокурор өзүнүн кызын соттук ишке ээрчитип келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
boris8907
2017-05-22 12:28:59
Эмне болуптур кошо отурса караганы адам жок болуп калса керекда
+22
Djal1987
2017-05-22 12:54:08
boris8907,кандайча эмне болуптур???? Болбойт башка болмого отургуза турса болмок беле. Прокуратура деген эмне экенин билбейсизби??? Мугалим болсо боло бермек. Даже милицияканын оозуна жолотпош керек кичинекей баланы!!!. Кылмышкерлер жургон жерге кантип алып барсын жаш баланы??? Кичине ойлонгула да
+1
Ayida
2017-05-22 12:31:20
Кыздын уктап калганы атасы конул бурбаганы.Бул жакшы эледа.Алагды болбой ишин кылып жатат
+13
gulmira12345
2017-05-22 12:37:20
зато келип иштеп атат бобогон нерсени деле
+9
Nevestkaa
2017-05-22 12:37:22
Кароосуз калса азыркы заманда күндүзү эле не деген жаман иштер болуп жатат.Бала да соттогу сөздөрү түшүнбөсө да керек.Бирок алып келбеген жакшыраак эле айла жоктон алып келгендир да.
+14
chika010596
2017-05-22 12:54:57
Адамдар болбогон себептен улам ишин таштап келишпей коёт. Ата деген ушундай болушу керек, жоопкерчиликти аялы м.н бирдей мойнуна алышы керек. Жок эле жерден уруш издеп, чукуй берген мүнөзүбүз эч эле жоголбоду...
+13
Va.vasm
2017-05-22 13:52:22
Мени да караганы эч ким жок болуп, эжем менен кошо мектепке сабагына барчумун. Жашым 3-4то болчу, парталардын астынан аралап журо берчумун.
+3
Sultanim
2017-05-22 14:01:27
Албетте айла жоктон алып барат бирок баланын психикасына олум,олтурду деген талашуулар кандай таасирин тийгизет деген суроо туулат да адамда?...
-2
baltabaev
2017-05-22 14:30:58
Коомго эч туура келбейт...уят уят дагы бир жолу уят,чоон эле кызын 2 жаштай кылып алдына отургузуп койгонун башка болмой калбай калгансып.Наржактагы соттун да ХХХ айтпаган
-5
Guji
2017-05-22 15:08:17
Эч нерсе болбойт караганы адам жок болсо алып барат бирөө жарымга ишенип таштайда албайтыр кызы не болуп атканын түшүнбөй деле өзү менен өзү олтурат эч кимге зыянын тийгизбей эле
0
Jangazy
2017-05-22 15:05:49
Башка адамдарга конбосо конечно алып келетта
+2
Kyzyl-Unkur
2017-05-22 15:50:00
Ушул кабарды жонотпой эле койсо болмок, бойроктон шыйрак чыгарбай!!!
Негизи прокурор башка айласын тапса болмок. Ата да кантсе дагы. Айла жоктон ээрчитип алыптырда, анан журу кызым концертке алпарып келем демек беле(((
+3
maksatbekova
2017-05-22 16:56:33
Эч качан этикага туура келбейт. Ишине болгон жоопкерчилик жок. Ал жерде Адам тагдыры чечилип жатат. Баарына эле мейли дей берип озум билем отугумду торго илем болуп бутту. Эмнеге зарыл болгон учурларда соттук отурумга киргизбей жабык откорушот.Мыйзам этика баарына бирдей болушу керек.
+1
baha1985
2017-05-22 17:10:50
Иштен алыш керек аялын башкара албаган неме кантип прокурор болсун Текенин сотуна эчкимди киргизбей соттоп атты Элего тим боле Адам олтургон Болсо прокурорго Кандайча кызын алып киргени уруксат беришти Мына акыйкат дегиле туугандар
0
Leilektik
2017-05-22 18:10:55
Бул жерде адамдын тагдыры чечилет,мыйзам баарына бирдей болуш керек,а бул кызын отургузуп алып мыйзамды каалагандай калчабаш керек ,конушусуна 2ки саатка карап тур деседа карап туратда,же тууган урук деген бар,а силер болсо эн негизгиси ишин таштабай келиптир молодец екен дегенсип айтып жатасынар,эсли кызы ыйлап калса сот журуп жатканда токтоп тургула сооротуп алайын дейби емне,токтотуш керек мындайын , баарына макул кыргызчылык,горго кирсин ,бир жолу еле деген болбош керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан