Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго ачылган кылмыш иши боюнча сот жыйыны 24-майда өтөт. Бул тууралуу 22-майда SUPER.KG порталына депутаттын жардамчысы билдирди. Соттук отурум судья Айбек Эрнис уулунун төрагалыгы астында саат 10:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Шыкмаматовго ачылган кылмыш ишин үстүбүздөгү жылдын 2-майында карамак. Бирок депутат менен бирге айыпталып жаткан Ж.Иманалиев жактоочусун алмаштырганы үчүн сот отуруму 15-майга жылдырылган эле. 15-май күнү сот отуруму 24-майга жылган, себебин депутаттын жардамчысы минтип түшүндүрдү:
"Соттук отурум болор алдында депутаттын жактоочусу Чынара Жакупованы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине депутат Өмүрбек Текебаевдин соттук иши боюнча суракка чакырылганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум артка жылды".
Депутат Шыкмаматов "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда.