СУПЕРСТАН: "Башкалардын ээлигине көз артпасын деген айымдар сокур эле эрге тийиши керек"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмне үчүн бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мага бирөөнүн аялы аял болуп эле көрүнөт. Эми көчөдө кыздарга окшоп кыска шорта, юбка, шым кийип жүргөн бейтааныш айымдар эле кыз көрүнбөсө, тааныш бирөөнүн аялын аял эле көрөт. Алар да бирөөнүн аяп алган жубайы же катып алган катыны".

"Ошон үчүн үйдө эски халат менен тили чыккан тапочканы кийип "баба-яга" болуп отурбай, үйдө деле жасанып отургула. Антпесе көчөгө чыкканда эле жасанып алсаңар кыз көрүнөсүңөр да".

"Башкалардын ээлигине көз артпасын деген айымдар сокур эле эрге тийиши керек го дейм".

"Бул да жаратылыш мыйзамы десек кантет? Аялды сулуу кылып жараткан, эркекти ага суктандырып жараткан. Анан так сиз айткан "бирөөнүн аялына көз арта берет" дегениңиз туура. Ошондуктан Кудайым аялды чүпүрөккө ороп, сулуулугуңарды бөтөн эркектерден жашыргыла деген болсо керек".

"Катын" деп бекеринен айткан эмес. Көчөгө чыкканда көкүрөгүңөрдү жарым көрсөтүп, кыска юбкаларды кийип алсаңар, "илибой" эркекти өзүңөргө каратасыңар да. Катын деген сөз бөтөн, жат адамдан өзүңдү кат (жап) деген маанини берет. Ошондуктан ачык-чачык жерлериңерди жаап, көчөгө чыксаңар, бир да эркек карабайт жана кыз болуп да көрүнбөйсүңөр. Катынгыла, жамынгыла, оронгула, тулку боюңарды бекиткиле, кечинде күйөөңөргө көрсөтөсүңөр. Көчөгө чыгарда башыңарда сөзсүз жоолук болсун, мына ошондо башка эркектерге "кыз" эмес, катын болуп көрүнөсүңөр".

"Аял киши да күйөөсүнө жагынып дегендей үйдө өзүн караш керек. Үйгө келсе, аялы өзүн карабай жүргөн болсо башкаларга да көзү түшө баштайт. Анан, албетте, эркек байкуш "бирөөнүкү кыздай, меники муздай" деп арманын айтып жүрө берет".

"Табият" дейсиңер, табиятта бир гана эркекке берилген ургаачыны көрдүңөр беле? Кунаажын "жок, мен ушул гана бука менен өмүр өткөнчө кошулам" дегенин же тоок "мен ушул гана короздон жумуртка туугум келет" дегенинчи? Ак куулар өмүрлүк түгөйүн бир гана ирет тандашат, бирок ургаачысы гана эмес, эркеги да. Демек, табиятка шылтасак, эркек эмес, аял деле көп өнөктөштүү боло алат. Бирок адамдын артыкчылыгы ушундан деп билиңиз, адам эркекпи, аялбы, алар мал, айбан эмес. Адам болуп жаралганы үчүн табиятка шылтабай, астынкы кичинекейди эмес, жогорудагы берилген мээни иштетүүсү абзел. Менимче, аялдар эркектерди аябай эркелетип жибергенбиз. Эркектер жоопкерчиликсиз болгон сайын, ошончолук тайраңдап, ага болбой аялды кунажынга теңеп, күнөөнүн баарын бир тарапка оодарганга даяр. Демек, эркек жибин үзсө, ал адам эмес бука, мындайча айтканда, ошол кунажынга ылайык мал".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hadyja
2017-07-01 10:44:54
Талаш маселе экен.Себеби,сулуулук уй-булоого чон таасир этсе артист,жылдыздар коп ажырашпайт эле.Биздин айылдарда эжекелерибиз 5/6ны тороп,уйдун куту,куйоосунун эркеси экенин коруп журобуз.
Куйоону озуно суйдуруп башканы карабагыдай кылыш учун:аны суйуп,сыйлап,урматтап анан урушуп туруш керек.Ошону баары жакшы болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан