Биз социалдык тармакта

ТүркПАнын парламент башчыларына “Ала-Арчада” кыргыз маданияты тааныштырылды

Бүгүн, 19-октябрда, Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн келген парламент башчыларына жана конокторго “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа тартууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку даражалуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев коштоп жүрдү.

Маданий иш-чара орто кылымдардагы көчмөндөр маданиятынын стилинде жасалгаланган «Кыргыз айылы» комплексинде өттү. Меймандарды кыргыз баатырлары, улуттук кийимчен кыздар жана төкмө акындар улуттук аспаптардын коштоосунда тосуп алышты.

Ошондой эле коноктор «Кол өнөрчүлөр аллеясын» кыдырып, боз үйлөрдүн жасалгалары, кыргыз уздары менен усталарынын кол эмгектери жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен таанышты.

Иш-чара бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда кыргыз элинин салттуу мергенчилик өнөрү — «Салбуурунду» көрсөтүү менен жыйынтыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан