Кайрат Нуртастын концертинен фоторепортаж жана андагы кызыктуу көз ирмемдер

Бишкектеги Спорт Ордосунда атактуу казак ырчысы Кайрат Нуртастын концерти өттү. Концерттин башталышында Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ырчыга каалоо-тилектерин айтып, өзүнүн китебин белекке берди. Ырчынын жөнөкөйлүгүн, элге жакындыгын мындан билиңиз, кайсы күйөрманы ага гүл сунбасын баарын кабыл алып, беттеринен өөп жатты. Ошондой эле аны менен сүрөткө түшөм деп жанына баргандардын эч биринен баш тартпай убактысын бөлүп сүрөткө түшүп берди.

Кайрат Нуртасты жаштар менен катар улуу муундун өкүлдөрү дагы жакшы көрүшөрүнө бүгүнкү концерттеги көрүнүштөр далил болду. Себеби көрүүчүлөрдүн катарын 70-80 жаш курагындагы апалар толуктап, музыканын катуу добушуна карабай концерттин аягына чейин отуруп көрүштү. Жашы 80ге жакындап калган апа концерт аяктаганда сахна артына өтүп, "Кайрат баламды көрөт элем" деп ал отурган гримдөөчү бөлмө тарапка кирип кетти.

Концерттин жүрүшүндө Кайрат Нуртас кичинекей ырчы Айдин Нурдинов менен "Аурмайды журек" ырын чогуу аткарып, ага үстүндө кийип жүргөн костюмун белекке тапшырды.

Кечеде Кыргыз ырчыларынан "Нон-стоп" дуэти, Анжелика Бекболиева, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыковдор ырдашты. Кайрат Нуртастын Нурлан Насип менен бирге анын "Бүгүн сенин туулган күнүң" деген ырынын аткаруусу жогорку деңгээлде болуп, көрүүчүлөр чогуу ырдап жатышты. Концерттин соңунда ырчынын күйөрмандарынын тобу сахнага чейин чыгып жанына барышып, башкалары эшиктен аны күтүп жатышты.

Кайрат Нуртас
Кайрат Нуртас - "Байка"
Кайрат Нуртас концертинде ар бир күйөрманын өөп чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
dastan_nookat
2017-05-27 01:50:47
Чыныгы талант!
+2
pixduel1
2017-05-27 02:24:24
Биздин борборубуз болгон Бишкектин концерт койчу залдары просто ужас! Башка элдерде таза тыкан,сонун кылып ондоп койгон а биздечи? Уят чет жерден келгендерге!
+6
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-27 08:27:08
pixduel1, сиз ошо жакшы тыкан зал куруп койбойсузбу
-4
aiperiska
2017-05-27 10:53:57
pixduel1,ошого да шугур нааразы блобогулачы
+1
erkeleim
2017-05-27 14:14:20
pixduel1,туура тапкан аренданын акчасынын 50 пайызын жеп 50 пайызын эле жумшаса ондолуп калмак ар бир концерттен жок эле дегенде 70 мин аренда бир кунго толонот
+5
Beka.sss
2017-05-27 03:55:24
Кайрат Нуртас ушу менен 3, 4 жолу келди Кыргызстанга концерт коюп неге Иляз менен бирге сахнада же суротто корунбойт мамилеси жокпу же ким билет жазып койгулачы
0
altynka95
2017-05-27 03:57:34
Beka.sss,Ильяздын инстаграм баракчасында журот чогуу тушкон суроттору, Нияздын да баракчасында журот
+1
altynka95
2017-05-27 03:55:25
Канча популярдуу болсо да жонокой, ырларын канча уксан да тажабайсын, талантына таазим!
Уюштуруучулар сахнаны нормальный кылып жасаса болбойбу? Бул жакта туруп мен уялып кеттим! Уят эле, эптеп септеп жасамыш болушат дайым, главное акча болсо болду сахна менен иштери деле жок! Сахнага соз жок эмне дешти да билбейсин.
+1
Tyty1990
2017-05-27 08:04:57
Ат тезегин кургатпай келе берет экен да бизге.
-3
Alinur.Jumagul
2017-05-27 08:54:17
Кайрат чындыгында жонокой ар бир куйорманы менен суротко тушуп журот.Айрым биздин ырчыларга караганда бой которбой эки уч ыр ырдап алышып жылдыз оору менен ооруп алышат биздикилер.
+1
Shaa-82
2017-05-27 09:12:10
Оштогу концертине караганда жакшы отуптур Бишкекте.
-3
shirinai
2017-05-27 09:17:50
инстаграмда Анжелика тим эле ХХХ калыптыр гоо.
0
jika1984
2017-05-27 10:20:48
shirinai,Анжелика телевизор до до канал ыймандуу корунот, инстаграмда 3баланын энесине окшобой озун жааш 17жаш сезип ХХХ ХХХ
+2
anelya_kaparova
2017-05-27 09:20:34
Кайраттын талантына таазим! Адамгерчилик сапатына таазим! Биздин жак сакчы сөрөйлөр кыздарды түртүп атса, кое берши баурум, гүл береди гой, акшага сатып алган, деп ар бирин кучактап, бетинен өөп, ар бирине ыраазычылык билдирип атты. Гүлдөрдү болсо Басков сыяктуу эле чогултуп жүрдү, дегеним мынча көп гүл берген артистти бизде көрө элек элем. Ал эми Тумар радиосуна бир чети рахмат Кайратты алып келгенинерге, бирок даярдансаңар болмок. Чынында ырахат алып келдим концерттен. Көздөрүмө жаш тегеренип
+1
BakytAliev
2017-05-27 09:22:42
Айдин Нурдинов дг ким ал
0
Babi.
2017-05-27 13:29:12
Ырды да ырдап,жон турбай бийлеп ото соонун алып журот озун сахнада.
+3
Lantana
2017-05-27 17:48:13
Бүт ырлары хит. Жөнөкөй, таланттуү ырчы.
0
Soni130587
2017-05-27 18:56:10
Таланттуу ырчы ырлары музыкалары аябай жакшы ийгилик калайм коп коп келип тур биздин Эгемендуу Кыргызстаныбызга.
+1
mirkaa5182
2017-05-27 19:39:50
Кайраттын талантына баа жеткис, дайыма ушундай калыбыңан жазбай, хит ырларды чыгарып жүрө бер.
0
baitylek.kg
2017-05-29 02:20:11
Ол сенимен ойнап жур ау,ойнап жур ау байка,Ол сезимдерди алдап жур ау , алдап жур ау байкаа!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан