ЭЛДИК КАБАР: "Таза суу чыкпай, күндүн ысыгында суу издеп жатабыз" дейт окурман

Баткендеги Лейлек районуна караштуу Исфана шаарындагы көчөлөрдүн бирине таза суу берилбей, тургундарга ыңгайсыздык жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.

"Колхозная көчөсүнө 3 күн дегенде 15 мүнөткө таза суу берилди. Алганга жетишкендер алышты. Жетишпей калгандар күндүн ысыгында суу издеп жүрүшөт. Буга чейин күнүнө бир жолу 1 саатка жетпеген убакыт суу берчү", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Исфанада таза суу чыкпай жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dina1983-19
2017-05-27 14:31:58
Тамчысын да түшүрбөй алдык дейби. Кыргызстан тоолу келип сууга байбызго. Ремонт бүтө элек болсо керекда. Болбосо бизде Кыргыз жеринде суу кеңириго.
+3
Fatimnazz
2017-05-27 14:58:33
Кыргызстанда суу кенен. Бирок Баткенде андай эмес экен. Бир кундо уч торт саат эле чыгат. Бишкекте кенен иштетип уйронуп алыптырмын бул жака келгенде аябай кыйналгам.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-27 15:15:25
Тажикстанга тонналап бензин ташыган шефтерге айтпайсынарбы бат эле суу чыгарып беришет
+2
abusait
2017-05-27 15:30:13
100 жыл артка кеткенибиз окундурот...((
+1
Aidani
2017-05-27 22:04:19
Баткен аябай, жакшы жер экен бирок суу жок жаман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан