Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук филармонияда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чара президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтмөкчү.
Эскерте кетсек, 1992-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүн белгилөө тууралуу чечим кабыл алынып, андан бери ал расмий түрдө майрамдалып келет.
10:07. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.
10:10. Иш-чара ачык деп жарыяланды. Учурда мамлекеттик гимн аткарылууда.
10:12. Сахнага президент Алмазбек Атамбаев чыкты. "Мурдагы өлкө башчылары керек болсо кыргызга армиянын кереги жок деп чыгышкан. Өз армиясын бага албаган өлкө башка бирөөнүн армиясын багат", - деди президент.
"Азыр абал башка. Аскерлер үчүн батирлердин ачкычын тапшыруу өнөкөткө айланды. Мурда ата-энелер балдарын армияга жөнөтчү эмес. Азыр армияда жогорку билимдүү жоокерлер 30 пайызды түзөт. Бул жакшы көрсөткүч", - деп баса белгиледи Атамбаев.
10:25. "Мурдагы жетекчилер армияны тизелетип коюптур. Мындан алты жыл мурда парадга чыгалы десек техникалар аянтка да жетпей калышы мүмкүн деп айтышкан мага", - деп кошумчалады өлкө башчы.
10:32. "Силер ишенбешиңер мүмкүн, мен уулумду да армияга кызмат өтөөгө жөнөткөм. Армиядагы абал кандай экенин уулумдан уккам", - деди Атамбаев.
10:41. "Азыркы Кыргыз армиясынын саны да, сапаты да өз мекенин коргоп калганга жетиштүү. Биз эч кимге кол салбайбыз. Кокус бирөөлөр бизге кол салса, мизин кайтарабыз", - деди Атамбаев.
10:53. Офицерлерди грамоталар жана энчилүү сааттар менен сыйлоо аземи өтүүдө.
10:59. Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктады.