Бишкектеги Осмонкул көчөсүнүн абалы айдоочуларга жана жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда

Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүнүн абалы айдоочуларга жана жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Жолдун ар кайсы жери аңга айланып, жаан жааган учурда сууга толуп калууда. Мындай шартта жол кырсыгы болуп кетүү коркунучу бар экенине жергиликтүү тургундар нааразы.

Маалыматка ылайык, Осмонкул көчөсү бир канча убакыттан бери бузулган абалда жатат. Жолдун чуңкурлары айдоочуларга жана жергиликтүү тургундарга кыйынчылык жаратып, айрым учурларда унаалардын тетиктери сынып, дөңгөлөктөрү жарылып кеткен учурлар кездешерин жашоочулар айтышууда.

Бишкектин мэриясынын маалыматына ылайык, Осмонкул көчөсү 2017-жылы Кытайдан алынган гранттын эсебинен оңдоло турган 11 көчөнүн катарына кирбей калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан