Бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгы белгиленүүдө. Учурда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Генералдык штабдын аскердик техникаларынын көргөзмөсү өтүп жатат. Ошондой эле жоокерлер душманга каршы туруунун ыкмаларын көрсөтүп жатышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө болгон катуу шамал сахнадагы баннерди кулатып, катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн баш кийимдерин учуруп жатты. Бирок буга карабай иш-чара уланууда.