Бүгүн, 30-май күнү “Супер-Инфо” гезитинин редакциясында басылманын 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюн-утуштун кезектеги жеңүүчүсүнө белек тапшырылды. Ош шаарындагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Жыргалбек Исмаиловдун ордуна белегин анын иниси Памирбек Исмаилов алып кетти.
Жыргалбек Исмаилов: “Мен 33 жаштамын. Ош шаарында жашап, иштейм. “Супер-Инфо” гезити чыккандан бери эле окуп келем. Көбүнчө сандан-санга жарыяланган макалалар, сканворд, эробекет жагат. Саясий жаңылыктарыңарды да калтырбай окуп турам. Кроссворд кошсоңор жакшы болмок. Белек үчүн рахмат! Мындан да улуу жашыңарды белгилей бергиле!” - дейт.