Казакстандын Астана шаарында СССРдин Баатыры Сагадат Нурмагамбетовдун жаркын элесине арналып бокс боюнча эл аралык мелдеш кечээ, 13-майда соңуна чыкты. Иш-чарага 6 мекендешибиз катышып, алардын арасынан 52 килограммдык салмакта Азат Үсөналиев күмүш медалга ээ болду. Ал эми 64 килограммдык салмакта Эрмек Сакенов коло медаль алды. Бул мелдешке 10 өлкөнүн спортчулары катышкан болчу.